Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

САМАТ САДЫКОВДУ ЭСКЕРҮҮ- ЛЕЙЛЕК КҮРӨШҮ


Кабыл Макеш, Бишкек. 9-майда Бишкектеги “Спартак” стадионунда Советтер союзунун баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган лейлек күрөшүнөн эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Быйыл бул турнир отуз экинчи ирет өткөрүлдү.

9-майда кечинде Самат Садыковдун жаркын элесине арналган лейлек күрөшүнүн жеңүүчүлөрү аныкталды. Жеңил салмакта сузактык балбан Талант Балтаев баш байгенин ээси болду. Экинчи орунду өзгөндүк Атабек Ишимов, үчүнчүнү бишкектик Надыр Бердикулов камсыз кылды.

85 кг салмактагы балбандардан лейлектик Мухаметалы Миңбаев жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Экинчи жана үчүнчү орундарды дагы лейлектик балбандар Абдыманап Байзаков менен Токтош Калыков ээледи.

Советтер союзунун баатыры Самат Садыковду эскерүү мелдешинин оор салмактагы жеңүүчүсү деп карасуулук Кутпидин Токторов аталып, баш байгеге коюлган “Жигули” үлгүсүндөгү автомашинаны утуп алды. Финалда Кутпидинге алдырып коюп, арманда калган таластык Ниябек Курманкулов калыстар атаандашына тартып койгонун айтты.

Быйылкы 32-ирет өткөрүлгөн турнирге Кыргызстандын аймагынан эки жүздөн ашуун балбан катышты. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылды.

9-Майда Бишкектеги «Аккула» ат майданында спорттун улуттук түрлөрү жана ат оюндары боюнча мелдештер ɵткɵрүлдү. Көкбөрү мелдешинде Сокулуктун айтылуу “Рассвет” командасын Бишкектин “Бөрүлүү” командасы 9:6 эсебинде жеңип алышты. Кунан чабышта 4 күлүктөн бишкектик Александр Юлдашевдин кунаны марага озуп келди. Жорго салдырууга да болгону үч жорго катышып, Сокулуктун “Рассвет” чарбасынын жоргосу баш байгени жеңип алды.

Аламан байге күлүктөрдү сыноодо ысыккөлдүк Маматовдун асыл тукум аргымагы алдыга озуп келди. Айылдык саяпкерлердин күлүктөрү мындай жарыштарга катышпай жатканын, асыл тукум жылкылар колунда бар ишкер байлардыкы экенин, жылдан жылга ат майданындагы жарыштарга катышкан күлүктөрдүн саны азайып баратканын ат оюндарынын калысы Асан Бектурганов белгиледи.
XS
SM
MD
LG