Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

АМЕРИКАЛЫК САЯСАТЧЫЛАР ӨЗБЕКСТАНГА КАРШЫ ЧЕКТӨӨ ЖАРЫЯЛООНУ СУНУШ КЫЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 9-май күнү АКШ Конгрессинин сенатору Жон Маккейн жана конгрессмен Кристофер Смит жаңы демилге менен чыгып, Өзбекстанга каршы санкция жарыялоону сунуштады. Өз элин куугунтуктаган өзбек жетекчилигин колдогон Маскөө дагы сынга алынды.

13-май күнү Өзбекстандын Анжиян шаарында кандуу окуя болгонуна бир жыл толууда, өкмөттүн айтымында, экстремисттик күчтөр анда мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген жана бардыгы болуп 170тен ашык адам өлгөн, алардын көпчүлүгү коопсуздук кызматынын өкүлдөрү болчу.

Бейөкмөт уюмдарынын кабарларына караганда болсо, экстремисттик топтун аракеттерин басуу менен кошо өкмөттүк аскерлер борбордук аянтка чогулган карапайым элге каршы дагы ок откан жана өлгөндөрдүн саны жүздөп саналат.

Эл аралык уюмдар окуяны кылдат тергеп чыгууну талап кылган, президент Ислам Каримов болсо ага каршы болуп, АКШ жана башка батыш мамлекеттери менен болгон байланыштарын үзүп салып, Ташкенди колдогон Маскөө менен жаңы кызматташуу келишимине кол койду. 2001-жылы Өзбекстанда жайгаштырылган америкалык аскерий база дагы өлкөдөн кетүүгө аргасыз болду.

Анжиян окуясынын бир жылдыгы белгиленээр алдында АКШ Конгрессинин сенатору Жон Маккейн жана конгрессмен Кристофер Смит 9-май күнү жаңы демилге менен чыгып, Өзбекстанга каршы санкция жарыялоо боюнча жаңы мыйзамдын долбоорун даярдаганы тууралуу билдиришти. Маккейн 2008-жылы боло турган президенттик шайлоого катышууга камданып жаткан негизги талапкерлердин бири, Смит болсо Конгресстин Хельсинки комиссиясынын тең-төрагасы.

Алар даярдаган долбоор боюнча адам укуктар тармагында Өзбекстанда оң өзгөрүүлөр болмоюнча, Ташкен менен кызматташуусун Вашингтон чектеш керек жана Европа Биримдиги көргөн чаралар сыяктуу санкция салууга тийиш: "Санкциялар тууралуу айтсак, долбоор боюнча, өзбек жетекчилери менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана Анжиян кыргынына тийешеси бар же адам укуктарын бузган башка жетекчилердин мүлкүнө чектоо салыныш керек", - деди Смит 9-майда.

Андан тышкары президент Каримов, анын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка өзбек жетекчилерине америкалык виза берилбеш керек.

Смит былтыр июлда дагы окшош мыйзамдын долбоорун сунуштаган, ага ылайык, эгер борбор азиялык жумурияттар адам укуктар тармагындагы аракеттерин начарлантса, аларга АКШ тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам улам кыскартылып отуруп, үч жылдын ичинде таптакыр токтотулушу мүмкүн. Азыркы долбоор болсо жалпы борбор азиялык өлкөлөр эмес, түзтөн-түз Өзбекстанга каршы багытталган.

Сенатор Маккейндин пикиринде болсо өзбек жетекчилигинин катаал саясаты орусиялык колдоо менен ишке ашырылып жатат, ошондуктан Вашингтон өзүнүн Маскөө менен болгон саясатын дагы кайра карап чыгыш керек: "Өзбекстан менен Беларус жана кээ бир башка мамлекеттер эмгиче маңызы боюнча сталиндик тартип боюнча жашап жатат жана андай саясат орус өкмөтү тарабынан колдоого алынууда. Ошондуктан бул маселе жалпы орус-америкалылык мамилелер алкагында каралыш керек. Президент Путин азыр өтө опурталдуу саясат жүргүзүүдө жана кандайдыр бир ченемде орус империясын кайрадан калыбына келтирүүгө аракеттенүүдө", - деди Маккейн 9-майда.

Маккейн жана дагы бир сенатор Жозеф Либерман былтыр президент Жорж Бушка кайрылып, аны - быйыл июлда Санкт-Петербург шаарында өтө турган бийик жолугушууга барбоого чакырган.

XS
SM
MD
LG