Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

РЫСБЕК АКМАТБАЕВДИН СӨӨГҮ ЧОЛПОНАТАГА КОЮЛАТ


Аманбек Жапаров,Бишкек Коомчулукта кылмыш дүйнөсүнүн авторитети делип жүргөн Рысбек Акматбаевди 10-майда кечки саат алтыдан өтүп калган маалда Бишкекке жакын Көкжар айылындагы мечиттин жанынан белгисиз адамдар атып өлтүрүштү. Акматбаевдин адвокаты Рысбек Нагаевдин айтымында, маркумдун сөөгү бүгүн Чолпонатада коюлат. Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Өмүр Ногоевдин маалыматында бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Аламүдүн районуна караштуу Көкжар айылындагы мечиттин жанындагы кандуу окуя болгон жерге барганыбызда милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатышыптыр. Мечитке намаз окуганы келип, белгисиз адамдар чыгарган октон жабыр тартып кала жаздаган Аскар аттуу адамдан окуянын чоо-жайын сураганыбызда:

Мечиттин ичинде намаз окуп атканбыз. Анан бир өспүрүм бала келип жыгылып түштү. Эки жактан аткылап кирди. Эки-үч мүнөт аткылашты. Баарыбыз жерге жата калдык. Атышуу бүтүп тынчып калганда баланы көтөрүп эшикке алып чыктык. Анан ооруканага жеткирип келдик. Ал эми тигил жерде бирөө жатыптыр. Алыстан көрдүк . Бетин бир нерсе менен жаап коюшуптур, --деди коркконунан калтаарыган Аскар.

Мечиттин каалгасын 6-7 ок көзөп өтүптүр. Октон жаракат алган Муса уулу Манас аттуу өспүрүм баланы №3-балдар ооруканасына жеткиришиптир. Оорукананын врачы Айгүл Ажыбаралиеванын айтымында октун сыныгы Мусанын жоон санына кирип кетиптир. Догдурлар ага медициналык тез жардам көрсөтүп, учурда баланын абалы жакшы экен. Денесин ок чийип кеткен экинчи жигитти №4-ооруканага жеткиришиптир. Анын абалы да дурус.

Окуя болгон жерге Ички иштер министри Мурат Суталинов өзү келип көрүп, милиция кызматерлерине кылмыштын бетин ачууга көрсөтмө берип кетиптир. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Өмүр Ногоев окуянын чоо-жайы тууралуу буларды билдирди.

Саат апты, алты жарымдарда Көкжар айылында атышуу болуп атат деген кабар түштү. Окуя болгон жерге оперативдүү-тергөө кызматы келип, 72 калибрдеги 31 гилзаны таап алышты. Күбөлөрдүн айтымында, кара түстөгү “Ауди” маркасындагы автоунаа менен келип маскачан киши мечит тараптагы кишилерди аткан. Атышууда медреседе окуган эки өспүрүм жаракат алган. Алар ооруканага жеткирилди. Мечит жакта турган жоон топ адамдын арасынан бирөө октон жаракат алып жыгылган экен. Азырынча ким экени белгисиз.Кайсы кылмыштуу топтордун араздашуусу экендиги жөнүндө да толук так маалымат жок.

Өмүр Ногоев белгилегендей, милиция кызматерлери келгенде атышуу болгон жерде шектүү адамдар жок болуп чыккан. Мечитте намаз окугандар эле калыптыр. Атылган октон набыт болгон Рысбек Акматбаев экендиги тууралуу так маалымат жок, деди Өмүр Ногоев.

Атышуудан чынында эле Рысбек Акматбаев жан таслим болдубу, деп анын адвокаты Рысбек Нагаевден сураганыбызда, ал Рысбек Акматбаевдин киши колдуу болгондугун тастыктады.

Рысбекти өлтүрүп кетти.Мечиттен чыгып баратканда атып кетиптир. Азыр балдар телефон чалышты. Ысыккөлгө чыгып баратам.

Адвокат Нагаев Рысбек Акматбаевдин сөөгү Чолпонатада бейшембиде жерге коюларын билдирди.

Рысбек Акматбаев 1960-жылы 6-июлда Иссык-Көл облусунун Чолпоната шаарында туулган. Эки жолу соттолгон. 2001-жылдан бери укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн. Денетарбия институтун бүтүргөн. Өткөн жылы мурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаров мурдагы издөөдө жүргөндөргө баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу кепилдик бергенде Акматбаев ачыкка чыккан эле.

XS
SM
MD
LG