Бүгүн Владивостокто Россия менен Түндүк атлантика альянсынын ортосундагы кызматташуу маселелери боюнча эл аралык конференция өз ишин баштайт. Ага эл аралык коопсуздук маселелери боюнча АКШ, Россия, Канада жана Франциянын эксперттери катышат. НАТОнун делегациясын уюмдун баш катчысынын орун басары Жан Фурне жетектейт.