Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Ош-Эркечтам жолу убактылуу жабылды


БИШКЕК. Өлкө түштүгүн Кытай менен байланыштырган жолдун 85 чакырымын көлөмү бир жарым миң куб метрдей көчкү жаап калды. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Мындан сырткары Алайдагы Гүлчө-Кабыланкөл жолундагы көпүрөнү суу алып кетип, автоунаа каттамы токтоп калды. Карасуу районунда Маширапсай дарыясында суу көтөрүлүп, жээкке жакын турган жогорку чыңалуудагы электр мамысын суу жууп кетти. Мунун айынан төрт айылдын калкы электр кубатысыз калды. Бул тууралуу чукул кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG