БИШКЕК. Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө байланышкан иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү менен ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы жүргүзүүдө. ИИМдин маалымат кызматы бул окуяда саясий түс жоктугун, тергөөдө кылмыштык топтордун өз ара тирешүүсүнөн улам чыккан окуя деген гана божомол каралып жатканын билдирди. Ички иштер министри Мурат Суталинов бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө байланышкан иште кайсы бир кылмыш тобу тууралуу гана сөз болушу мүмкүн деп билдирди. Анын айтымында, кол салгандар боюнча так маалымат болбогону менен аны кимдер жасаганы жоромолдонуп жатат.
Судмедэксперттин катышуусунда Рысбек Акматбаевдин сөөгүн текшерген Ысыккөл райондук ички иштер бөлүмүнүн тобу ал башына жана көкүрөк тушуна тийген бир канча октон каза болгонун аныктады. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кабарлашты