Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Көкжар айылындагы кандуу окуя тууралуу ИИМ расмий билдирүү таратты


БИШКЕК. Билдирүүгө караганда, Рысбек Акматбаев кечки саат 6дан 45 мүнөт өткөндө мечиттен эки адамдын коштоосунда чыгып келаткан. Ошол учурда катуу келип токтогон каралжын түстөгү «Ауди-100» үлгүсүндөгү автоунаадан бетин чүмбөттөгөн белгисиз бирөө түшө калып, Рысбек Акматбаевди көздөй болжол менен Калашников автоматынан ок аткан. Мамлекеттик номери жок автоунаа кайра дароо түндүк тарапты көздөй зуу койгон. Окуя болгон жерден 31 октун гильзасы табылган. Рысбек Акматбаевдин сөөгү бүгүн Чолпоната шаарында жерге берилди. Маркум өткөн айда Балыкчы округундагы шайлоодо 80 пайыздай добуш менен жеңишке жетип, бирок БШК анын үстүнөн сот иши бүтө электигине байланыштуу депутаттыкка каттабай келген.

XS
SM
MD
LG