Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Рысбек Акматбаевди сөөгү жерге коюлду


Бүгүн күндүн экинчи жарымында Чолпоната шаарында сөөк коюга чогулган эл Рысбек Акматбаевди акыркы сапарга узатышты. «Азаттыкка» жергиликтүү маалымат булагынын билдиргенине караганда сөөк коюда мусулманчылыктын гана расмысы жасалып, аза күтүү митингиси өтпөдү, бир-эки депутатты эске албаганда расмий бийлик өкүлдөрүнөн эч ким болгон жок. Ал жердеги автомашиналардын мамлекеттик номерлерине караганда кошуна Казакстандан келген өкүлдөр көп болушту. Болжолуу 4 миңден ашык адам Р. Акматбаевди акыркы сапарга узатууга катышышты. Маркумдун үйүнө келген адамдардын аягы дагы эле үзүлө элек.

Рысбек Акматбаев 10-май күнү кечки саат 18ден кийин Бишкекке жакын жайгашкан Көкжар айылындагы мечиттен намаздан чыгып келе жатканда белгисиз бирөөлөр тарабынан башына жана денесине бир нече жолу ок атылып каза болгон.

XS
SM
MD
LG