Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Т.КАКЧЕКЕЕВ: КЫЛМЫШТУУ ОКУЯЛАР КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛ АРАЛЫК КАДЫРЫН КЕТИРҮҮДӨ


Аманбек Жапаров,Бишкек Рысбек Акматбаевди атып кетишкен белгисиз адамдардын «Ауди» автоунаасы Бишкектин Жунусалиев көчөсү менен Койбагаров көчөсүнүн кесилишинен табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Нурдин Жангараев билдирди. Коомчулукта Акматбаевдин өлүмү саясий мүнөздө болдубу же жокпу деген маселе кызуу талкууга алынып жатат.

Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу окуяны иликтеген тергөө тобу кылмышкерлер түшкөн «Ауди» автоунаасын тапканын жарыялашты. Анын ичинде үч «Калашников» автоматы, бет чүмбөттөр бар экен, дейт Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараев. Анын айтымында бул автоунаа бирөөдөн уурдалып, атайын ушундай кылмыштуу ишке колдонулган болушу ыктымал. Бул ишти кылмыш чөйрөсүндөгү адамдардын жасагандыгы дагы бир ирет далилденип атат,-деди Нурдин Жангараев.

Коомчулукта Рысбек Акматбаевдин өлүмү саясий мүнөздө болушу мүмкүн дегендер да бар. Кыргызстан патриоттук партиясынын лидери Назарбек Нышановдун пикиринде, Акматбаевдин өлүмү кыргыз бийлик төбөлдөрүнүн, анын өлүмүн каалагандардын бетине чиркөө.

Рысбек Акматбаевге бир гана укук коргоо органдары тарабынан эмес, аткаруу бийлиги тарабынын, мыйзам чыгаруу бийлиги тарабынын, шайлоо комиссиясынан бут тосуулар көп болгондуктан ал өлүмгө дуушар болду. Ошондуктан анын өлүмүн саясий өлүм деп эсептейбиз.

Анын мындай көз карашына ички иштер министри Мурат Суталинов караманча-каршы. Ал Акматбаевдин өлүмүндө эч кандай саясий негиз жок деп массалык маалымат каражаттарына 11-майда берген интервьюсунда билдирди. Анын айткандарын Нурдин Жангараев да тастыктады.Анын баамында, бул кадыресе эле кылмыштуу топтордун өз ара жаңжалдарынан улам чыккан кандуу окуя болуп турат.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин айтымында, мыйзамдуулукту сактап, кылмышкерлер менен күрөшүү учурдагы негизги маселелердин бири:

-Мыйзамсыз негизде чечилген маселелер же ок, же бычак менен же кандайдыр бир кырсык менен бүтүп атат. Мындан эл чочулап жатат. Ошондуктан бул илдет кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин башына түшкөн оор иш болуп атат.

Токтогул Какчекеевдин пикиринде, мындай окуя менен Кыргызстандын эл аралык бедели төмөндөп, кошуна мамлекеттерге кадыры кетүүдө. Мыйзамдуулуктун сакталбашы өлкөнүн өнүгүүсүнө кедерги болууда.

XS
SM
MD
LG