Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

АЛТЫН АКЫРКЫ ЧЕЙРЕК КЫЛЫМДА БОЛУП КӨРБӨГӨНДӨЙ КЫМБАТТАДЫ


Мунайдын баасынын тынбай жогорулашы, инфляция коркунучу, Ирандык ядролук программасына байланыштуу кооптонуулар соңку күндөрү маалымат булактары көп жазган темага айланды. Мындай жагдайда наркын жоготпос темир-алтындын куну өсүүдө. Анын баасы жыл башынан бери үчтөн бирге кымбаттап, ушу тапта бир унция же 31, 1 грамм алтындын наркы 700 доллардан ашып кетти. Бул акыркы 25 жылдагы эң кымбат баа. Анын себеби тууралуу алтын өндүрүүчүлөрдүн Дүйнөлүк алтын кеңешинин өкүлү Жилл Лилэнд айым “Азаттыкка” интервью берген.

Дүйнөлүк кеңешинин өкүлү Жилл Лилэнддин айтымында, алтын баасынын өсүшүнө эң алды мунайдын кымбаттоосу жана Ирандагы саясый жагдай, АКШнын бюджетиндеги тартыштыкка катар акыркы жылдары жаңы алтын кендеринин табылбаганы да кошумча болгон. Ошондой эле, түрдүү фондулардын да алтынды баасы түшпөс дөөлөт ирети сатып алып, сактоого өтүшкөнү таасир эткен:

- Акыркы бир нече жылда (геологиялык) чалгындоо издери аз болду. Арийне, издебесеңиз, эч нерсе таппайсыз. Кийинки жылдары иштетилген алтын кендерин алмаштырчу кендер аз табылды. Азыр изилдөөлөр көп жүргүзүлүүдө. Бирок, кенди таап, аны өндүрүшкө койгончо чейин көп убакыт кетет. Ошондуктан, жакынкы жылдары алтын аз казылат деген коркунуч бар. Экинчи жактан, алтынга талап зор. Мисалы, пенсиондук фондулар сыяктуу мекемелерге акыркы жылдары акчасын алтынга алмшатырып сактоо жеңил болуп калды. Лекин, алар алтынды алып иштетпейт.

Жилл Лилэнд алтындын кымбатташына экономикасы ылдам өсүп бараткан Кытай менен Индияда зергерлик буюмдарга болгон талаптын өскөнүн белгилеп, кардарлар жаңы баага көнүү үчүн убакыт керек экенин белгилейт:

- Баа өткөн жылы 9 процентке өскөнүнө карабай, зергерлер сатып алган алтындын көлөмү 5 процентке өстү же доллар менен эсептегенде өсүш 14процентке барабар болду. Ошол эле учурда зергерлердин талабы анча-мынча гана өстү. Себеби, Азия жана Жакынкы Чыгыштын өтө сезимтал базарында элдин мурдакыдан кымбат баага көнүүсү үчүн убакыт керек.

Баалуу металлдын кымбаттоосунан Лилэнд айымдын сөзүнчө, алтын өндүрүүчүлөр менен алтын компанияларынын кирешеси өсөт:

-Алтындын кымбаттоосунан биринчи кезекте алтын өндүргөн өлкөлөр пайда көрөт жана дүйнөнүн көп сандагы өтө кедей өлкөлөрү алтын өндүрүүчүлөр экени өтө маанилүү. Мали же Лаос сыяктуу айрым өтө жарды өлкөлөр үчүн алтын өтө маанилүү экспорттук товар болгондуктан, баа өссө, бул өлкөлөргө катар алтын компаниялары пайда табат.

Ушу тапта эл аралык базарда 1 унция алтын 704 доллардан сатылып жатканы менен 1980-жылкы рекорддук баасына жете элек:

- Ошондо 1 унция алтындын баасы 850 долларга чыккан. Бул баа 20 мүнөт кармалган. Аны бүгүнкү баа менен эсептегенде 2 миң доллар болот.

Жыл башынан бери алтындын баасы 30 проценттен көпкө өскөнү менен, Дүйнөлүк алтын кеңешинин өкүлү Жилл Лилэнддин сөзүнө караганда, алтындын наркы өтө эле кымбат эмес. Анткени, алтындын реалдуу баасын, 1971 – жылы алтындын наркы өсө баштагандан берки орточо баа менен салыштырганда, азыр баа ошол орто баадан бир аз гана жогору болот.

XS
SM
MD
LG