Грузиянын парламенти өлкөнүн НАТОго кириши жөнүндөгү Резолюцияны кабыл алды. Депутат Давид Баркадзе белгилегендей, НАТОго кирүү демилгеси жалпы калк тарабынан колдоого алынууда. Ал эми Россиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Игорь Иванов НАТОнун постсоветтик өлкөлөрдүн эсебинен кеңейишине стратегиялык негиздер жок деп билдирди.