Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

РЫСПЕК АКМАТБАЕВДИН СӨӨГҮ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ


Рита Нурмамбет кызы, Чолпоната 10-майда куралдуу кол салуудан окко учуп кайтыш болгон Рыспек Акматбаевдин сөөгүн Чолпонатада жердештери үч чакырым жерге жөө көтөрүп барып жерге жашырды.

Рыспек Акматбаевдин сөөгү Чолпоната шаарындагы ата-энесинин үйүнөн узады. Жердештеринин айтуусунда анын сөөгү мурда кайтыш болгон жубайы, баласы жана иниси Тынычбектин жанынан орун алды. Бул озуйпа адаттагыдан узакка созулгандыгын мына келгендер төмөндөгүдөй тастыкташты:

- Элдин баары жөө ушундан 3 чакырым жерге чейин барып коюп келишти. Чолпонаталыктар аябай терең кайгырып атышат, – деди Акылай Бегалиева аттуу айым.

Маркумду акыркы сапарга узатып аткандар жогорку жетекчилерден саясий ишмерлердин топурак салууга келбегенине нааразы болушту.

- Топчубек Tургуналиев деле келип койсо болмок. Пикетке чыкканда жүгүрүп жүрүп уюштурганды, көлдүн элин жаман аттуу кылганды кыйын билет. Эмне үчүн бүгүн келген жок – деди аты-жөнүн айткысы келбеген айым.

Сөөк жашырып келгенден кийин жигиттер чакан жыйын өткөрүп, эртен Балыкчы шаарында өтө тургандыгын жарыя кылышты.

- Азыр бул жерде “Тынчтык” партиясынын лидерлери бар, ошолор менен сүйлөшүп, чечилет эртең кандай талап коюлары. Негизги талап акыйкатка чыгыш керек бул жасалып аткан иштерге. Эмнеге 69-округдан эки биртууган каза болуш керек. буга жооп бере турган киши барбы? Расмий бийлик өкүлдөрүнөн бул жака эч ким келген жок – деди аты-жөнүн айткысы келбеген жигит.

Рыспек Акматбаев 46 жаш курагында дүйнө салды. Анын артында эки жубайынан беш баласы калды.

XS
SM
MD
LG