Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

УКУК КОРГООЧУЛАР АНЖИЯН ОКУЯСЫ ҮЧҮН ӨЗБЕК БИЙЛИГИН АЙЫПТАШТЫ


12-майда Өзбекстандын Бишкектеги элчилигинин алдында Анжиян окуясынын бир жылдыгына байланыштуу чакан митинг болуп өттү. Аны “Кылым шамы” бейөкмөт уюм уюштуруп, митингге башка бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Өзбекстандык журналисттер жана карапайым жарандар катышты.

Анжиян окуясынын бир жылдыгына арналган митинг алгач “Ала-Тоо” кинотеатрында Анжиян окуясы жана 2002-жылы болгон Аксы окуясы тууралуу тартылган фильмди көрсөтүү менен башталды.

Бул иш-чараны уюштуруучу Азиза Абдурасулованын айтымында, Анжиян окуясы менен Аксы окуясы окшош, экөөндө тең тең бийликтин аткан огунан карапайым адамдардын курман болгон. Аксы окуясында элге ок аткан бийлик төбөлдөрүнүн жазасыз калуусу коңшу Өзбекстандын бийлигине өз элине ок атууга мүмкүнчүлүк берди.

Кинотеатрдагы чакан жыйындан кийин митингдин катышуучулары шаардын борбордук көчөлөрү менен жөө жүрүш жасап, Өзбекстандын элчилигинин имаратынын алдына келишти. Ал жерде “Анжиян окуясы кайталанбасын” деп кыргызча, өзбекче, англисче жана орусча жазылган плакаттарды, Анжиян окуясында каза болгондорго арналган гүлчамбарларды кармаган жыйырмадан ашуун киши бир сааттан ашык турушту. Ошол эле жерде маркумдарга багышталган куран окулду.

Эл аралык адам укугун коргоочу “Хюман райтс вотч” уюмунун маалыматы боюнча, 13-майда бийликтин аткан огунан качкан 600 дөн ашуун өзбек жараны Кыргызстанга качып өтүшкөн. Бирок Кыргызстандык күч органдарынын кызматкерлери алардын айрымдарын кайра Өзбекстанга кайтарып беришкен. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун айтымында, бул кызматкерлер жоопко тартылууга тийиш.

- Өзбекстандан саясий башпаанек издеп келген качкындарды кайра Өзбекстандын бийлигине өткөрүп берген күч органдардын бардык кызматкерлери бир жылдан кийинби, он жылдан кийинби баары бир жазасын алууга тийиш.

Митингге Анжиян окуясын эл аралык маалымат каражаттарында чагылдыргандыгы үчүн өзбек бийлигинен куугунтук жеп, учурда Кыргызстанда жүргөн Өзбекстандык журналисттер да катышты. Журналист Гафуржан өзү Анжиян шаарынын тургуну. Ал 13-май күнү Анжиянда болбой калып, 15-майда барып, окуянын күбөлөрүн кепке тарткандыгы жана аларды ММКда жарыялаганы үчүн туулган жеринен куулган:

-Мага бир нече өлүктөр чогуу көмүлгөн мүрзөнү көрсөтүп берген Жоробай Абдуллаевди үч күндөн кийин өлтүрүп кетишти. Ал эми өзүмдү милиция тез арада Өзбекстандан чыгып кетпесең, камайбыз деп кекетти. “Анжиянда силер кан төктүңөр. Силер журналисттер кылдынар” деп мага күбөлөрдүн көзүнчө кыйкырды.


2005-жылы 13-майда Анжиян шаарында болгон калабада өлгөн кишилердин саны Өзбекстандын расмий маалыматы боюнча 187 деп айтылса, укук коргоочулар жана башка эл аралык уюмдар коогалаң учурунда окко учкандардын саны 500 дөн ашуун, алардын арасында аялдар менен балдар да болгон деген маалыматтарды берип келишет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG