Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

РЫСПЕК АКМАТБАЕВДИН ӨЛҮМҮН ЖЕРДЕШТЕРИ САЯСИЙ БУЙРУК ДЕП ЭСЕПТЕШЕТ


Рита Нурмамбет кызы, Балыкчы Балыкчы шаардык башкармачылыгынын алдында маркум Рыспек Акматбаевдин 2 миңге жакын жактоочулары чогулуп, анын өлүмүнө бийликтин жана депутаттык топтордун айрым адамдарын айыпташты. Акматбаевди аттыргандарды кармап, өлүм жазасына тартууну талап кылышты.

Митингге чогулгандар негизинен шайлоочулар мечит жанынан өлтүрүлгөн Акматбаевди намаз окуп атып каза тапкан Манас баатырынын тагдырына салыштырып атышты. Чоңсарыой айылынан келген Канатбек Токтобаев тиешелүү бийлик төбөлдөрүнөн жооп келмейинче өлүмгө баш байлаганын мындайча белгиледи:

- Биз баарыбыз өлүмгө да даярбыз. Рыспекти аткандар башы менен жооп берсин. Рыспек элдин баатыры, түбөлүккө калат. Бул Манас атынын жолун улаган Кошойдун тукумдары, катаган.

Митингге чыккандар Балыкчы шаар башкармалыгынан расмий жетекчилер чыкпагандыктан, "Тынчтык" элдик кыймылынын лидери Ысмайыл Кочкоров Акматбаевдин өлүмүнө жооп берсин деген талаптар менен президентке, өкмөткө расмий билдирүү жолдогонун жарыялап, кечке чейин жооп күтө туралы деп элди сабырдуулукка чакырды. Мына ушундан кийин гана шайлоочулар Балыкчы шаарынын кире беришине жөө жүрүш жасап, ал жерден Бакиев, Кулов, Субаналиев келмейинче жолду тосууга даяр турарын айтышты.

Балыкчы шаарынын кире беришинен митингди уланткан Акматбаевдин жактоочулары элге кайрылуу жасалган убакта бул жерде жаштар тобу биринчилерден чыгып, ызаланган Айжан Жүндүбаева мындай деди:

- Бүгүн үйдөн ыйлап чыктым. Көлдөн бир азаматыбыз чыгып атса ошону өлтүрүп салышпадыбы. Рысбек байке өлгөн жок, артында биз жаштар барбыз. Бакиев, Кулов, Субаналиев келип элдин алдына жооп берсин.

Балыкчы шаарында нааразылыкка чыккандар кечке чейин бийликтен, тиешелүү жетекчилерден жооп болбогондуктан Балыкчы шаарындагы экологиялык өтмөктү тосушту. Бул жерге боз үйлөр тигилип, түнү менен, дегеле талаптары аткарылмайынча нааразылык акцияны улантмакчы болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG