ЖАЛАЛАБАТ. Депутат Өмүрбек Текебаевди чакыртып алуу жыйыны Базаркоргон районундагы Кеңеш айылында өттү. Ыңкылапты коргоо боюнча райондук комитет уюштурган жыйынга аймактагы шайлоочулар катышып, сүйлөгөндөр экс-спикер Өмүрбек Текебаев менен “Реформа үчүн” кыймылынын Конституциялык реформаны талап кылып, 27-майга күтүлгөн тынчтык митингин өткөрүү иш-аракеттерин азыркы бийликке тоскоолдук катары баалашты. "Ата мекен" партиясынын пикиринде Өмүрбек Текебаевди чакыртып алуу боюнча кол топтоо бийлик тарабынан уюштурулууда. Штаб түзүлгөн жыйында депутат Дооронбек Садырбаев жана Текебаевдин райондогу жардамчысы Кубатбек Артыковго сөз берилген эмес.