Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:42

Президент күч структураларынын жетекчилерин кабыл алды


13-майда өлкөнүн күч структураларынын жетекчилерин президент Курманбек Бакиев кабыл алды. Анда 12-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон окуя боюнча маалыматтар угулду. Жолугушууда президент кыргыз жоокерлеринин эрдигин белгилеп, ыраазылык билдирген. Президент ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, аларга жана жарадар болгондорго мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлөөрүн белгиледи. Мамлекет башчысы күч структураларын чыңдоо жана террорго каршы күрөштө коңшу мамлекеттердин органдары менен маалымат алмашууну Улуттук коопсуздук кызматы, Коргоо жана Ички иштер министрлерине тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG