12-майда Баткен облусунда жоочулар менен кагылышууда кыргыз тараптан алты киши каза таап, сегизи жарадар болду. Окко учкандардын төртөөсү күч структураларынын өкүлдөрү, бирөөсү бажы тармагынын кызматкери жана дагы бирөөсү Кадамжай районунун Галча айылынын тургуну.
Жоочулардын төртөөсү өлтүрүлүп, бирөөсүн колго түшүрүү менен 12-майдын кечинде саат тогузга жакын операция аяктаган. Кыргызстан жерине кол салгандардын жанынан жардыргычтар жасала турган заттар жана жыйырмага жакын курал-жарак алынган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара кызматынан ишембиде кабарлашты. Куралдуу топтун максаты террордук актыларды жасоо жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыгын текшерүү болгон.