Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:59

МАЛАЙЗИЯДА “ДОРДОЙ- ДИНАМО” - БАШ БАЙГЕГЕ ТАЛАПКЕР БОЛОБУ?


Учурда Малайзияда Азия Футбол континенталдык федерациясынын Президентинин кубогуна арналган турнир өтүп жатат. Ага Азия Конфедерациясынан жаңыдан өнүгүп келаткан сегиз өлкөнүн чемпиондору катышууда. Мында Кыргызстандын чемпиону Нарындын “Дордой- Динамо” командасы баш байгеге талапкер болушу толук ыктымал.

Азия футбол континенталдык федерациясы өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн арасында бул оюнду жайылтуу максатында 8 команданын ортосунда мелдеш өткөрүүдө. Кыргызстандын эки жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы өз тобунда – Тажикстандын чемпиону «Вахш» командасына 11- майда биринчи оюнда 3:0 эсебинде утулган. Ал эми кечээ 13- майда экинчи беттешүүдө Шри-Ланканын чемпиону «Ратнам» командасын 3:0 эсеби менен «дордойчулар» утуп алышты. Оюнда эсептин 21- мүнөттө Роман Корнилов ачып, «Дордойду» алга сүрөдү. Ошондой эле 66- мүнөттө Андрей Краснов эсепти дагы бирге көбөйтсө, беттешүүнүн акыркы ирмеминде чабуулчу Азамат Ишенбаев оюнга чекит коюп, үчүнчү топту таамай тепти.

Эртең 15- майда үчүнчү беттешүүдө Непалдын чемпиону “Мананг» командасы менен "Дордой-Динамо" командасы беттешет. Непалдык футболчуларды утуп алышса экинчи топтун жеңүүчүлөрү менен жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашат. Былтыр жарым финалда экинчи топтогу экинчи орунду ээлеген Непалдын командасы менен беттешип, кожоюндарды 4:3 эсебинде утуп алышкан. Бирок, кечээ Непалдын чемпиону «Мананг» командасы Тажикстандын «Вахш» командасын 3:1 эсебинде жеңип алууга жетип, оңой атаандаш эмес экенин далилдеди.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын деңгээли ортозаар экенин, Кыргызстанда футболго өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келгенин «Заман- Кыргызстан» жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев мындай пикирин билдирди:
- Күчтүү командалар Сауд Арабия, Корея, Жапан, Иран өлкөлөрүнүн футболчулары бул мелдешке катышпайт. Бул начар командалардын арасындагы мелдеш. Кийинки 14-15 жылдан бери Кыргызстанда футболдун деңгээли төмөндөп, айылдык, райондук командалардын таймашуусу болуп калган. Ушул турнирде атаандаштарын утуп алдыга чыкпаса, анда уят болот. Эми кыргызстандык жигиттер финалда тажиктерге дагы утулуп калышы да мүмкүн. Себеби алардын даярдыгы, чеберчилиги жогору. «Дордой- Динамо» командасы машыктыруучусу Борис Подкарытовдун тажрыйбасынын дүрмөтү менен гана оюн көрсөтүп жатат.

Азия футбол континенталдык федерациясынын президентинин Кубогуна арналган мелдешке катышып жаткан Кыргызстандын чемпиону Нарындын
«Дордой-Динамо» командасынын атаандашы тажиктердин чеберчилиги жогору экенин, ошентсе да үмүт өчпөй турганын, мыкты 4-5 оюнчу Малайзияга барбай калганын команданын администратору Мурат Дүйшөналиев айтты:

- Команданын катарында негизинен жаштар ойноп жатышат. Тажрыйбалуу мыкты 4 оюнчу бул турнирге барбай калышты. Эми Непалдын чемпионун утсак анда баш байгеге талапкердин бир болушубуз мүмкүн. Чынында финалдык таймашуулар өтө курч мүнөздө өтчүдөй. Кайсыл тарапка спорттук бакыт жылмайып, артыкчылык болсо, жеңиш ошолордуку болот. «Дордой- Динамо» командабыздын негизги кемчилиги биздин жигиттердин коргонуу аймагынын начардыгы. Балким финалга кайрадан тажиктер менен чыксак аларды утуп алышыбыз да ыктымал.


Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун жеңүүчүсүнө 50 миң америка доллары жана кубок ыйгарылат. Ал эми экинчи орунду камсыз кылган командага 25 миң доллар байге берилет. Бул мелдешке Камбоджа, Бутан, Тайван, Шри-Ланка, Непал, Тажикстан жана Кыргызстандын чемпиондору катышууда. Былтыр биринчи жолу өткөрүлгөн бул турнирдин баш байгесин Тажикстандын чемпиону «Вахш» командасы утуп алып, Нарындын «Дордой –Динамо» командасы экинчи орунду ээлеген. Быйылкы финалдык таймашуу 21- майда болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG