Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Өлүм жазасына байланыштуу жыйын болду


БИШКЕК. Бишкекте эл аралык Хельсинки федерациясы менен Кыргызстандын адам укуктары боюнча комитети уюштурган эки күндүк конференция жекшембиде өз ишин аяктады. Анда Анжиян окуясы жана Кыргызстанда өлүм жазасын жоюу маселеси талкууланды. Жыйын соңунда өлкө башчысына кайрылуу кабыл алынды. Анда эл аралык жарандык жана саясий укук боюнча пактын экинчи факультативдик протоколуна кошулуу, өлүм жазасын жоюп, катуу кылмыш кылгандардын мөөнөтүн 25 жыл деп чектөө сунушталды.Бул тууралуу президенттин адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун 14-майда “Азаттыкка” билдирди.

XS
SM
MD
LG