Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

Жекшембиде Балыкчы жолу тосулган жок


БИШКЕК. Рысбек Акматбаевдин тарапкерлери бүгүн Балыкчы-Бишкек жолун бөгөшкөн жок. Бул тууралуу Балыкчы шаардык администрациясынан билдиришти. Алардын маалыматы боюнча жекшембиде укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти бузгандар катталган эмес. Ысыккөлдөгү кабарчыбыз Рита Нурманбет кызынын билдиргенине караганда, 14-майда маркум Рысбек Акматбаевдин эки жүзгө чукул жактоочулары Балыкчы шаарына кире бериш жерде тынч митинг өткөрүштү. Алар Феликс Куловдун жана Өмүрбек Субаналиевдин отставкасын, Акматбаевдин өлүмүн тез аранын ичинде аныктоо талабы жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

XS
SM
MD
LG