Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:26

Президент Балыкчыда толкуган элдин өкүлдөрүн кабыл алат


БИШКЕК. Рыспек Акматбаевдин атылып өлтүрүлгөн окуясы боюнча каршылык билдирип, Балыкчыда толкуп жаткан элдин өкүлдөрүн Курманбек Бакиев бүгүн кабыл алат. “Тынчтык” кыймылынын лидери Исмаил Кочкаров билдиргенге караганда, митингчилер президенттин Балыкчыга барышын талап кылышкан, бирок мамлекет башчы кабыл алмак болгондон кийин Бишкекке келүүгө макул болушту. Ысыккөлдөгү кабарчыбыз билдиргенге караганда, “Тынчтык” кыймылы Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевди отставкага кетирүү жана Рыспекти өлтүргөндөрдү таап жазалоо талабын коюуда.

XS
SM
MD
LG