АКШнын коргоо министрлиги Гуантанамодогу аскердик базада камалгандардын тизмесин жарыялады. Алардын жалпы саны 759 адам. Айрым маалыматтар боюнча тизмеде АКШнын атайын кызматтары тарабынан кармалган “Аль-Каида” уюмунун бир да мүчөсү жок. Пентагондун маалыматы боюнча тизмеге мындан төрт жыл мурда аскердик база ачылгандан бери түрмөдө отуруп чыккандар жана азыр ал жерде отургандар киргизилген.
Азиза Турдуева, Прага
Азиза Турдуева, Прага