Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Курманбек Бакиев: "Бийлик эч кимибиздин энчибизге берилген эмес"


Жазып алган Кубат Оторбаев 15-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев “Азаттык” радиосунун директору Тынчтыкбек Чоротегинди жана “Азаттыктын” Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Кубат Оторбаевди кабыл алып, мамлекеттин ички-тышкы саясаты боюнча бир катар суроолорго жооп берди.

- Урматтуу президент, сиз 10-майда катар кадрдык өзгөрүүлөрдү жасадыңыз. Андан мурда оппозиция өкүлдөрү 29-апрелде өткөн митингде бир топ кызматкерлерди, атап айтканда Таштемир Айтбаев, Үсөн Сыдыков, Дастан Сарыгулов сыяктуу кызмактерлерди кызматтан алуу талаптарын койгон. Мындай чечим кабыл алуу менен сиз оппозициянын койгон талабын аткардыңызбы, же бул мурдатан күтүлүп келаткан кадрдык жүрүш болдубу?

- Кадр саясатында дайыма бир кызматкерлер кетип, бир кызматкерлер келип турган нерсе. Айрыкча чоң бийлик болобу, кичи бийлик болобу, эч качан энчи болуп калбайт. Мен деле өзүм ар кандай кызматтарда иштеп жүргөн кезде эки жолу кеттим. Бул мыйзам чегиндеги нерсе, биринчиден.

Экинчиден, турмуш өзгөргөн сайын, саясий абал да андай болот, мындай болот ошого жараша кээ бир кызматкерлер кетип, кээ бири келет. Бирок кечеги болгон кадр өзгөрүүлөрү, мисалы, ар бири боюнча айтып кетейин, Үсөн Сыдыкович, Дастан Исламович эки аксакалыбыз менен 24-мартка чейин бирге болгонбуз. Биз ошондо эле бир команда болуп, бийликтин кетирип аткан кемчиликтерин ачык айтып, элге жеткирип, бул туура, бул туура эмес деп жүргөнбүз.

24-март күнү президент качып кеткенден кийин өкмөт жок, башаламандык башталды, менин мойнума премьер-министрликти жүктөп коюшту. Ошол учурда эки киши эле болду жанымда. Акскалдар кандай кылабыз, сиз кайсы кызматты каалайсыз деп ачык эле сурагам. Дастан Исламович, мен госсекретарлыкты алып барайын, Үсөн Сыдыкович болсо администрациянын жетекчиси болуп иштеп берейин деп айтышты. Макул аксакалдар деп кол алышып келдим. Мына бир жылдан ашыгыраак иштедик, мен бул эки кишиге абдан ыраазымын. Бир дагы жолу өзүнүн ишин так аткарбай, кандайдыр бир жоопкерчиликтен качкан жок. Тескерисинче, мени менен бирге болуп, жоопкерчиликти бирге алышып жүрдүк.

Үсөн Сыдыкович бир жолу сүйлөшүп отурсак, депутаттыкка барайын деп айтып калды. Эмнеге десем, Курманбек Салиевич көрүп атпайсызбы парламентте эки-үч жолу келген 5-6 депутат гана бар, калгандары бүт эле жаңы жаш жигиттер. Ошол жерге барып, мамлекеттин, сиздин саясатыңызды, азыркы болуп аткан абалды карап туруп ошол жердеги депутаттар менен бирге иштеп, мыйзамдарды өткөрүүгө шарт түзөйүн деп калган. Анда да мен, кой эмне кыласыз, бирге эле иштейли деп мен токтотуп калгам. Бул киши мурунтан эле айткан, жаштардан эле алып келиңиз, биз өзүбүздүн вазийпабызды аткардык деген сөз качандан бери келаткан. Бул маселени элден мурун Үсөн Сыдыкович көтөрдү, анан Дастан Сарыгулов угуп калып, ал да айтты, мен деле даярмын, жашыраак кадрлар келсе, мен деле жол берейин, иштесин деп. Бул экөө боюнча мурунтан эле сөз болуп келген.

Таштемир Сыдыгалиевич деле чынын айтканда, бир топ жыл МВД, СНБда иштеп, кайра келип, кайра кетип жүргөн. Ал киши да айтып жүргөн, Курманбек Салиевич оор мезгилде сиздин жаныңызда, эгерде кандайдыр бир абал болуп калса мен даярмын деген. Жанагыдай саясий абал кичине курчуганда ушул абалга карата булар биз мурунтан айтып келдик эле, жол берели, абал стабилдешип калсын, биз кызматыбыз үчүн карманбайбыз дешти. Мен макул деп колдоп, бардык жерге жаш кадрларды койдук.

- Демек, урматтуу президент, кийинки кадр дайындоодо алардын реформага даярдыгы, жаштыгы да эске алынган экен да?

- Сөзсүз тажрыйбасы, жаштыгы эске алынды. Чынын айтканда бул кишилерге дагы эле иштешели десем, жок деп ачык эле айтышты. Биз четте болуп, бирок баары бир сиз менен болобуз. Үсөн Сыдыкович ачык айтты, мен сиз менен элдин ортосундагы байланыштын милдетин алайын деп. Бул киши бүгүн кетти Баткенге. Ушундай сүйлөшкөнбүз, Баткенден баштайын, Лейлек, Кадамжай региондордон барып өз көзүм менен көрүп, угуп келип, анан кызматымды алайын деп.

- Урматтуу президент, өзгөрүүлөрдүн бардыгынын негизги максаты эле конституциялык реформаларды тездетүү менен байланыштуу болсо керек. Бул боюнча өзүңүздүн долбооруңузду дагы жарыяладыңыз. Коомчулукта көп айтылып жүргөн суроолордун бири, бул Конституцияда каралбаган, бирок бизде элдик революциядагы, элдик ыңкылаптагы түзүлгөн кырдаалдан кийин келип чыккан саясий реалдуулук, саясий тандем болду. Айрым саясатчылар, анын ичинде мурдагы министрлер дагы бар, ушул тандем өзү ылайыксыз дегендей сөздөрүн айтып жатышат. Сиздин оюңузча тандем өзүнүн ролун жакшы аткардыбы, аткарып жатабы, болочокто дагы аткара береби?

-Феликс Шаршенбаевич экөөбүздүн тандемибиз боюнча көп сөздөр болуп жатат. Мына президенттик шайлоого жакын калганда биз ушул тандемге бардык. Барганыбыздын себеби тууралуу карапайым элдин арасында мындай сөздөр жок. Бирок муну саясатчылар дайым колдонот, түндүк, түштүк деп. Жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн ар жакка айландырып, дайым пайдаланат. Ошол абалда карап көрсөк ушул кырдаал курчуп кетчүдөй.

Мен түштүктүн өкүлүмүн, Кулов түндүктүн өкүлү. Экөөбүз чыгып элди бөлбөйлү деп бул демилге Куловдон болгон. Ушундай тандем түзөлү, бирге баралы, эгерде эл колдоп, сиз президент болсоңуз, мен премьер-министр болуп иштеп берейин деген. Мен макул дедим. Менин шайлоо командамдын мүчөлөрү, Куловдун шайлоо командасынын мүчөлөрү бир-бири менен анча макул болбой, тандем түзүп эмне кыласың деген сөздөр болгон. Биздикилер болсо ансыз деле жеңет элек, чыгат элек дегенде, мен айттым, силер түшүнбөйсүңөрбү, кеп баарын жеңиште эмес, кептин баары элди бөлүп албай, элди эки жакка бөлбөй бир команда болуп барсак жакшы болот эле. Туура түшүнгүлө дедик. Туура кылганбыз. Анан шайлоо болгондо да мен Кулов менен бирге жүрбөдүмбү. Баткенде, Жалалабатта, Ошто жүрдүк. Элдин астына барып мына мен президенттикке койдум, сиздер колдоп, мен президентке өтүп калсам, бул киши премьер-министр болот, бул түндүктүн өкүлү дегенде эл абдан жакшы кабыл алган.

Эми айтып жатышпайбы, тандемдин мөөнөтү бүттү, булар тараш керек деп. Бул саясий оюн. Саясатчылар атайын ушул маселени көтөрүп, курчутуп жатат. Себеп дегенде экөөбүздү эки жакка ажыратып койсо, биринчиси кетти, эми экинчисин дагы кетириш керек деген бийлик талашмай чыгат.

Ал эми Куловдун башынан дагы көп нерсе өттү. Жакшылыкты да, жамандыкты да көрдү. Мен ойлом бул киши чоң салмактуу саясатчы стабилдүүлүк үчүн. Бул киши анча мынча майда-чүйдөгө берилбей, туура келе жатат. Муну дагы жолунан кайрыгандар көп. Эмне кыласың сенин укугуң жок дегендер көп. Ошондой сөз болбосун деп, жанагы акционердик коомдордун, бийликтин алдындагы фонддордун да жетекчилерин мындан кийин бул киши дайындасын деп мына указдарды чыгардык. Жанакы мамлекеттик ишканалардын башчыларынын баарын өкмөт дайындасын, бирок азыркы президент дайындагандарды президент бошотот деп койдум. Эми булар дагы жок дегенде бир жылы иштеш керек да. Анан эле кадр саясаты жылда эле эки-үч жолу алмаша берсе бул туруктуулукка, эч качан стабилдүүлүккө алып келбейт. Ошол пунктту киргизип койдук. Калганын баары эле мына жакшынакай иштеп жатабыз.

Чынын айтып коюш керек мен Феликс Шаршенбаевичке ыраазымын. Өкмөт маселеси көп, кээ бир учурда жетишпей калат. Артта калып калат. Биз экөөбүз ачык эле сүйлөшөбүз. Мен сын-пикирди ачык эле айтам, бул жер калып калды, бул жерди караңыз деп. А бирок биздин тандем, мен ойлойм, өзүнүн милдетин жакшы аткарды өз убагында жана мындан ары аткара берет.

Себеби мен ачык айткам, биз баягы практиканы ташташыбыз керек. Жыл сайын өкмөттү алмаштырган бул туура эмес. Эгерде мен эски практикага карама-каршы болбогондо, өткөндө бизде депутаттар канчасын койду, үчөөнөн башкасын баарын өздөрү шайлады. Бул кандай деген нерсе. Эгерде мурункудай президенттин өзүнүн колу болбосо анда жанакындай кылса болот эле, 5-6 ай иштеген өкмөттү, бардык парламенттен өткөн болсо буга кандай баа берет.

Мен айтып коёюн, мен Көкжаңгактагы заводдун директору болуп барганда, ал отуруп калган завод болчу. Эки жыл иштегенде гана менин жумушчуларым премия ала баштаган. Эки жылдан кийин эле. Бир кичинекей эле заводдо 700-800 киши иштейт эле. Төрт жыл иштегенден кийин, борборубуз Фрунзеде ардак тактада турду биздин завод. Бешинчи жылы, өтмө Кызыл Туу бар эле ЦК КПССте, ошону алганбыз. Акыркысын биз алдык. Ошол бойдон калды завод. Киийн партия да жок болду.

Бир заводду жакынакай кылып иштетип алып чыгыш үчүн төрт жыл убакыт кеткен. Ал эми өкмөт мүчөлөрү конкреттүү бир тармакты тейлеген да. Айыл чарбасы болобу, өнөр жайы болобу башкасы болобу, анан 5-6 айдын ичинде эле отчетун бер, кет деген - атайын ушундай бир аракеттер бар стабилдүүлүктү бузуш үчүн. Мен ойлойм, өкмөт туруктуу иштеш керек. Мен буларга айткам келгенде эле. Мен беш жылга келдимби, беш жыл иштейбиз дегем. Баарына айткам, премьер-министрди баш кылып. Бул менин өзүмдүн башыман өткөн. Мен билем. Туруктуу жакшы иштегиле дедим.Эми ооруп калып же өз арызын жазып кеткендер бул башка сөз, а бирок беш жыл былк этпей иштейсиңер деп жатам.

-Урматтуу президент, мына элдик революциянын чыгышынын эң негизги себеперинин бири дал ушул парламенттик шайлоо болду эле. Бул парламенттик шайлоого мурдагы бийликтин өктөм таасирин колдонуп, жамынып алып, “Алга Кыргызстан” партиясына мүчө болуп, ар башка жол менен жүргөн депутаттар дагы болду да. Алар кайсы бир деңгээлде бул реформага кедерги болушу мүмкүнбү?Кайсы бир деңгээлде алардын оппозициячыл ат менен чыгып өкмөттү сындап жатканы керекпи. Чынында, парламенттин менен президенттин ортосундагы мамиле, маселе дагы өтө орчундуу болуп жатат. Анан конституциялык реформа жүзөгө ашырылса, парламенттин келечеги ошол реформага карата башкача түзүлүшү мүмкүнбү. Мисалы үчүн, партиялык тизме деген сунуш кылынып жатат. Ошондо трайбализмге, уруучулдукка, жердешчиликке бөгөт коюлат дегендей.

-Ушул парламенттин составына кимдер келди депутат болуп. Булардын мааниси өтө чоң экенин муну убакыт көрсөтүп жатат. Мен ачык эле айттым: жаңы конституцияга киргизели, мисалы үчүн, үчтөн экиси жанакындай партиялык тизме менен келсин. Үчтөн бири округдардан келсин. Анда округдар чоңурак болот. Бирок, кээ бир саясатчылар айтып жатпайбы толук эле партия менен келишсин деп. Мен буга каршымын. Себеп дегенде бир гана партиялык топтун кызыкчылыгы болбой ошол парламентте элдин, региондордун кызыкчылыгын дагы көтөргөн депутатар болуш керек. Андай болбосо болбойт. Ошондуктан 50 пайызы партиядан, 50 пайызы округдан келишеби, же болбосо үчтөн бири болобу, бирок баары бир ушуга барышыбыз керек. Бирок, басымдуу көпчүлүгү партиядан келсе боло берет, мен ага каршы эмесмин. Себеби барган сайын, чынын айтканда, партиялык система күчөп баратат, жаңы партиялар чыгып атат, саны өтө эле көбөйүп кетти. Бирок Конституцияга өзгөрүүлөр киргизилсе, мен ойлойм, булар биригет. 65 болбой 10-15ке чейин барып калышы мүмкүн. Мен ойлойм, ошондой система менен кетсек туура эле болот.

Бул парламенттин көбү айтып атпайбы, жакшы иштебей атат, таратыш керек, өкмөт менен карама каршы болуп атат деп. Мен айтып атам, жок, бул парламент жаш, анын ичинде 6-7 эле киши бар мурда шайланган, калганы биринчи жолу келишти, үйрөнүп атат, үйрөнөт. Мына бир жыл болуп калды, жакшы иштеп келишүүдө.

Бир нерсени айтып коюу керек, депутаттарга приватизациянын программасын киргизип атабыз. Энергетиканы, Бишкек ТЭЦ, Северэлектро, ушуларды консенцияга бергенге каршы болуп атат депутаттардын бир тобу, коркуп атат менчик болуп кетсе эмне болуп кетет деп. Мен айтып атам, андан коркпош керек. Мамлекеттин менчигинде электрстанциялар калыш керек. Ал эми улуттук электр тармагы, жогорку чыңалуудагы линиялар бүт мамлекеттики бойдон калыш керек. Ал эми распредкомпанияларды биз консенцияга бермейинче биз оңдобой албайбыз. Кандай гана министрлик түзбө оңолбойт. Себеби уурдамай аябай күчөгөн. Ошол эле депутаттардын, өкмөт мүчөлөрүнүн базарлары, сауналары, соода комплекстери төлөбөйт, жашырганда эмне, эл билет, кимдин-ким экенин, кайсы губернатор, министр, аким, депутаттын эмнеси бар экенин билет. Тартип жок дейт, кантип тартип болот ошолор өздөрү уурдап атса. Жеке менчиги болмоюнча ага баары бир, мисалы сиздики болсо тууганың болсо да төлөтөсүң. Башка жол жок. Калганынын баардыгын приватизация кылыш керек. Бирок мамлекеттик көзөмөл болуш керек баалар асманга чыгып кетпеш үчүн.

Кээ бир депутаттар айтат, сатылса анда коррупция болот деп. Эгерде ишенбесе ошол комиссияларга мүчө кылып ошол депутаттарды киргизиш керек. Ачык айкын коюш керек, кайсы инвестор алат, программасы кандай ошол инвестордун, канча каражат берет. Биздин распредкомпаниялардын жыл сайын абалы начарлап баратат. Эгерде ушул темп менен он жылга чейин барсак таптакыр электр жарыгысыз калабыз келечекте.

-Жаңы ГЭСтерди куруу үчүн, ошого даярдык кылып жаны системаны түзөлү деп атасыздарбы?

Камбарата-2, Камбарат-1 каскаддан чыгарып, инвесторлор менен биргелешкен ишкана түзүү керек. Камбарата-2 нин 50 пайызы бүтүп калды. Ошонун курулушун мен премьер-министр болгондо баштаганбыз инвесторлор менен көбүрөк каражат бөлүп. Аны бирөө көтөрүп кетпейт да, өзүбүзгө калат. Эгерде ага инвестор келбесе, 2 млрд. доллардан ашык каражат керек, аны ким берет, ал дагы 10-15 жылдап жатат. Биздин балдарыбыз, неберелерибизге чейин иштете албайбыз, жата берет, барган сайын бузулат, талкаланат. Андан көрө биз олуттуу инвестор чакырганыбыз жакшы, эки-эки жарым млрд. доллар керек, ошону 10 жылдын ичинде чектеп бүтүрүп алсак гана.

- Сиз Москвага сапар тартардын алдында Ганси атындагы авиабазанын Кыргызстанда турган ижара акысын төлөө боюнча түзүлүп жаткан келишимге кол коюу кечигип атканы жөнүндө билдирүү жасадыңыз эле. Азыр АКШнын өкмөтү канда жооп айтып атат?

-Азыр Америка жактан комиссия майдын жыйырма экисинде келмек болду. Мен ачык эле сурадым, ушул комиссиянын кандай полномочиеси бар, чече турган маселеге келгенде чече алабы, же булар дагы бир жума иштеп туруп, биз кеттик, дагы башка бирөө келиш керек дейби деп. Ушул комиссиянын ушундай полномичеси бар деди. Демек, бул акыркы комиссия. Биз койгон бааларды булар текшерип, кайсынысы менен макул болот, кайсынысы менен макул болбойт көрөлү.

Биз буга барганыбызга эмне себеп болду? Мына 2001-жылы булар келишти. Үч күндүн ичинде маселе чечилген, себеби Нью-Йорктогу окуялардан кийин канча миң адам өлгөңдөн кийин, эми ушулар менен соодалашпайлы дедик. Америка көрбөгөндү көрдү ошондо. Международный терроризм эмне экенин көрдү өзүнүн башына түшкөндө. Парламентте карап, соодалашпай туруп үч күндүн ичинде чечип бердик. Макул булар бекер болсун, эл аралык терроризмге каршы Кыргызстандын салымы болсун деди. Эми андан бери канча убакыт өттү. Туура, баңгилердин зыяны өтө чоң, стабилдүүлүк жок, бирок азыр баягыдай Ооганстанда согуш жок. Авиация, артилерия, аскер менен согушкан күчтөр жок, абал башка. Ошону эске алып, биздин экономикалык абалды эске алып, мен алардын коргоо министри келгенде айткам: эми карагыла, биздин абалыбыз оор, Америка бай, өнүккөн, өскөн мамлекет. Силер үчүн 100-200 млн. доллар бул эч нерсе эмес, бирок бизге чоң салым болот. Рынок заманы дегенден кийин төлөш керек да. Биз деле туура түшүнөбүз, силер да туура түшүнгүлө.

Ошондо биздикилер учуп, конууга да акча албайбыз деп келген министрлер болгон. Аэропорттун полосасы да жыртылат, жок дегенде ушуга төлөгүлө деп төлөттүргөн мен болгом ошондо. Анда бир министр, атын айтпай эле коеюн, парламентке барып, мен отурам премьер-министрмин, менин көзүмчө калп сүйлөп атпайбы, ушул министрлик позициясына катуу турган үчүн булар төлөй турган болду деп. Ошентип Бакиевдин демилгесин өзүнө жабыштырып алды, ушундай азаматтар бар бизде.

-Бизде дагы бир аскер базасы бар, бул орусиялыктар жетектеген келишимдеги өлкөлөрдүн базасы катары каралган Кант базасы. Кант базасы Кыргызстанга киреше алып атабы?

-Ушул маселени да биз көтөрдүк. Ачык айтып коюш керек, Кант базасынын кирешесин эми көрө баштайбыз. Азыр Кант шаарынын инфраструктурасын оңдогонго бир топ каражаттарды бөлүп атат. Биздин база ошол жерде жайгашкандан кийин жолдорду оңдойлу, ооруканаларды, мектептерди ж.б. ремонттойлу, биздин салымыбыз болсун деп Россия демилге көтөрүп атат. Андан тышкары Россиянын жардамы бизге өтө чоң болуп атат. Коргоо министрлиги жагынан, Ички иштер министрлиги жагынан. Өткөндө бир вертолетубуз калган жок эле, вертолет берди, кечээ жакында дагы президент өзүнүн отрядынан бир вертолет берди бизге, бекер берип атат.

Андан кийин самолетторубуздун абалы кандай? ТУ-154 жакында учпай калды, ошону эске алып ТУ-154 самолет берип атат, мунун да бекер берип атат. Бул канча миллион доллар турган акчалар. Ошондуктан Россия менен биздин Шанхай кызматташтык уюму деген союзубуз бар, ОДКБ дегенибиз бар. Мен ойлойм, регионалдык стабилдүүлүк үчүн, терроризмге каршы күрөшүү жагынан Россиянын салымы чоң. Ошондуктан, булар менен биз мамилебизди мындан да жакшы алып бара беришибиз керек. Россиянын президенти, коргоо министри, башка министрликтин жетекчилери да Кыргызстан биз кандай маселени койсок, ошону чечкенге даяр. Акча десеңер акчалай, же болбосо инфраструктурасын оңдоп, базаны кеңейтип, аэропорттун өзүн ремонттоп берели дешти. Материалдык жактан жакшы эле жардам болуп атат.

-Сиз жакында Орусияга жасаган расмий сапарыңыздын натыйжасында, орусиялык бизнесмендер, ишкерлер бул жака келечекте эки млрд. долларга жакын инвестиция алып келе турганын айтып келдиңиз. Бул бир нече жылдын ичинде баскыч-баскыч болуп өтө турган долбоорлорбу?

- Эгерде парламент кыска мөөнөттүн ичинде менчиктештирүү программасын карап берсе, булар азыр эле ишке аша турган нерселер. Айрыкча Камбарата-2 баштаганга инвесторлор даяр, бир эмес эки үч инвестор турат. Мисалы, РАОЭС, Машкевичтин Евразийская группасы турат. Бул абдан чоң, Казакстан, дүйнө боюнча аты чыккан. Өзү Кыргызстандын атуулу болгон экен. Өткөндө келип жолугуп кетти, мен патриотмун дейт, жардам берейин, Бишкек ТЭЦти алып, толук ремонт кылайын дейт. Канча чыгым кетет мунун ремонтторуна. Биз айтып атабыз кел деп, бирок мыйзам буга жол бербейт. Тамчыдагы аэропортко ЯК-40 гана коно турган. Москванын мэри Лужков менен сүйлөшкөндө ал Внуково аэропорту ошол аэропорту алайын деп атканын айтты. Ага 100 млн. доллар кетет европалык стандартка алып чыгыш үчүн. Биз айтып атабыз, алгыла, ошол аэропорттун жанында көлдүн жээгинен СЭЗге бөлүнгөн жер бар экен. Ошол жерди кошо берели силерге, мейманкана, казино кургула деп, ошондо Ысыккөлгө үч ай келбей 6-7 айга чейин эс алып кетсе болот. Жанагыдай кылып аэропортту европалык стандарт менен Внуково, Домодедоводой кылып курса, анда бүт самолеттор Россиядан, Сибирден башка жактан түз эле Бишкекке келбей Тамчыга конуп 10 күн болобу, бир ай болобу эс алып кете берет. Бул Көлгө чоң инвестиция кире турган жолдордун бири.

-Урматтуу президент, былтыр 13-майда өтө кайгылуу окуялар болуп кетпедиби Анжиянда. Ошондон кийин Кыргызстан дагы бир боордоштук пикирин билдирип, колун сунуп, өзүнүн эл аралык милдеттемелерин да аткарып, 400дөн ашуун качкын болуп келген Өзбек атуулдарына үчүнчү өлкөгө чыкканга уруксат берди. Бул өтө оор кырдаалда жасалганы менен бул чечим дүйнөлүк коомчулук тарабынан абдан колдоо менен кабыл алынды. Ошолордун ичинен 4 качкындын тагдыры да тынчсыздандырып атат. Сиздин колунузда, кыргыз бийлигинин колунда болуп атат алардын тагдыры. Алардын мындан кийинки турмушу жөнүндө Сиздин оюнуз кандай? Эгерде алар кайра артка кайтарылса, аларды өтө оор мүшкүл күтүп урат деп эл аралык укук коргоочулар да тынчсызданып жатат?

-Өзбекстандын төрт атуулунун ишин азыр сот карап атат. Ар кандай сөздөр бар. Мисалы, булардын арасында көп кылмыш жасаган башкесерлер бар деп атышат. Муну сот өзү карап акыйкат менен чечип берсе. Мисалы, биз чоң кылмыш жасаган, адам өлтүргөн террористтерди кое бергенге да жол бербешибиз керек. Ошол эле мезгилде алардын күнөөсү жок болсо, анда биз аларды эмне үчүн кармашыбыз керек. Анда жанагыдай кылып эле өткөрүп беребиз. Биз бул жерде соттун чечимин күтөбүз. Жогорку сот кандай чечим кабыл алып берсе биздин кадамыбыз ошого жараша болот.

-11-майдан 12-майга болгон түнү Кадамжай районуна куралчан топ кирип, Кыргызстан тараптан алты киши курман болду, тигилерден да төртөө деп атат. Бул күтүүсүз болдубу? Азыркы учурда Кыргызстандын коопсуздукту камсыз кылууга өзүнүн күч-аракети жетиштүүбү?

-Чынын айтканда, ушул болгон окуядан кийин биздин коңшу мамлекеттирибиз менен Кыргызстандын ички органдары, коопсуздук комитети, айрыкча чегарачылар арасында тыгыз байланышы жок экени билинип калды. Эгерде биздин чегарачылар менен Тажикстандын чегарачылары, ички иштер органдарынын байланышы тыгыз болгондо биз жактан 6 киши каза болбойт эле. 4 аскер кызматчысы, 1 бажы кызматкери, бир жөнөкөй атуул каза болуп атпайбы. Мынчалык чоң жоготуу болбойт эле. Себеби, биздин чегарачылар даяр болгон эмес. Биринчиден, булар Тажикстандын чегара постуна кол салган, үч адамды ал жактын өлтүрүп, куралды алып, андан кийин биз жакка жылган. Эгер ошол мезгилде кабар келсе биздин постко курал менен кетти деген, анда биздикилер дагы машинеден чыгып, документиңди бер дебей эле, атып жок кылышмак да.

Экинчи жагынан, биз эч кимге кайрылган жокпуз, анткени өзүбүздүн күчүбүз жетерлик болчу. Бирок маселени мындай койгонбуз, күн баткыча аракет кылып кармаш керек, антпесе кетип калат деп. Алар жактан төртөө атылды, бирөө колго түштү. Бул жерде биздин күчтөр жакшы эле аракет жасады. Бирок, мен ойлойм, көбүрөөк адам жоготуп койдук. Бирок, аскер кызматкерлери айтып атпайбы, мындай тоолуу шартта курал колдонгон жерде боевиктер жакшы позицияны ээлеп алган болсо, аны жок кылыш кыйын деп. Бирок тилекке каршы төрт киши болобу, алты киши болобу, биздин атуулдарыбыз, биздин аскер кызматкерлери, мен ойлойм, бул биз үчүн чоң эле жоготуу.

XS
SM
MD
LG