Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:47

БАТКЕНДЕГИ АТАЙЫН АСКЕРИЙ ОПЕРАЦИЯ, КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КОНСТИТУЦИЯ РЕФОРМАСЫ


Шейшембидеги кыргыз гезиттеринде Баткендеги чек араны басып кирген согушчандар менен болгон уруш, конституциялык реформа, саясий-экономикалык окуяларга комментарийлер, ойлор, пикирлер, сунуштар жарыяланды.

Кыргызстандын күч кызматтары биргелешип өткөргөн атайын операциянын жыйынтыгын чыгарышка али эрте.Чек араны басып кирген үркөрдөй согушчандар менен болгон урушта атайын кызмат адамдарынын арбын курман болушу аскерий даярдыктын начардыгынан кабар берет. Мындай пикир жаңы чыккан гезиттердин көпчүлүгүндө айтылды.

Кадамжайдагы урушта атайын аскер адамдарынын көп набыт болушу кыргыз генералдарынын кемчилиги. Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары ушундай ойдо, деп жазат “МСН” гезитинде Е.Скородумова. Айдаркендеги уруштан кийинки талдоолор көрсөткөндөй, Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүнөн турган согушчандар ири террордук акцияларды жасоого ниеттенип, Кыргызстандын күч кызматынын абалын текшерүү максатында келген болуу керек, деп маалымдайт Юрий Груздов ушул эле гезитте.

“Кырк боевик келселе кырылып калабызбы, ыя?”, деп суроо коет “Агым” гезити. “Сакалчандар кайра келдиби?”, дейт “Кыргыз руху” гезити. “Алты боевикти кармайбыз деп, алты жигиттен айрылганы эмнеси?”, деп жазат “Кыргыз руху” гезитинде Жазгүл Масалиева. Айдаркендеги согушчандар жок кылынганын шейшембидеги “Кыргыз туусу”, “Эркинтоо”, “Слово Кыргызстана” гезиттери да маалымдашты.

“Кыргыз руху” гезитинде Демократиялык күчтөр биримдиги” партиясынын теңтөрагасы Бакыт Бешимовдун “Азыр калп айтууга негизделген саясат жүрүп жатат” деген аталыштагы маеги жарыяланган. Анын ырасташынча, ушу тапта К.Бакиевдин айланасында 4 түрдүү топ чогулуп, ар бири өз максат-аракетин ишке ашыруунун амалын жүргүзүүдө. Биринчи топ, К.Бакиевдин бийлигин чыңдоону көздөсө, экинчиси Ф.Куловдун камчысын чабууга даяр. Үчүнчүлөрү кийинки шайлоо даярдыгына кам көрүп, эмитен эл оозуна алынып, азыртан кам-чомун көрүп, саясий кадыр-барк топтоого киришкендер. Төртүнчү топ жагдайга жараша жүзүн өзгөртүп, бийлик башында ким турса, ошол менен кызматташып кетүүгө макул. “Мына ушундан улам Бакиевдин айланасы жалаң карама-каршылыктан түзүлгөн десек болот”, дейт Б.Бешимов.

“Жамаачыланып бүткөн Конституцияны түп-тамырынан жаңыртышыбыз керек”, деп белгилейт “Аалам” гезитиндеги маегинде парламент депутаты А.Бекназаров. Парламенттик, президенттик, болбосо аралаш системанын бирөөн калк жактырышы керек. Башкаруу кандай болот, айырмасы, жалпылыгы тууралуу ушу тапта түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Президенттик башкаруу болсо бийликтин баары президентке, парламенттик болсо жалаң депутаттар гана бийлеп калат экен, деш туура эмес. Өкмөттү ким түзсө, ошол бийликке ээ болот, өлкөнү ошол башкарат, дейт А.Бекназаров. Анын ырасташынча, азыркы өкмөт Н.Танаевдин тушундагыдан да начар иштөөдө.

Өкмөт башчынын кеңешчиси Валерий Дилдин “Инвестор деле көпөлөк сымал. Туруксуз жерде алар көпкө турбайт”, деген аталыштагы маеги “МСН” гезитинде жарыяланды. Өлкөнүн токтолго таппай, толкуп турушунан көптөгөн пландар аткарылбай калууда. Анан да биздин айрым жетекчилер чындыкты уккусу келишпейт. Мунун салакасынан аркыл окуялар болууда, дейт В.Диль.

Кыргызстандын 3,5 миллион калкы жер көчкү, сел, жер титирөө болуу коркунучу бар жерлерде жашайт. 1,5 миллион калк бийик тоолуу, өзгөчө коркунучтуу жерлерде жашайт. Улуттар уюмунун өнүгүү программасы Жалалабад, Ош облустарындагы кооптуу делген айыл-кыштактарды иликтеп чыгып, алардын так картасын иштеп чыгышты, деп маалымдайт Т.Орлова “Жер көчкү менен жалкоо” деген макаласында. Автордун ырасташынча, өз турмушуна кам көрүп, өз алдынча аракет кылган, коопсуздук чарасын көргөндөр эл ичинде аз, өкмөт качан келип жасап берет деген түшүнүк дагыле күчтүү.

“Слово Кыргызстана” басылмасында К.Мамбетовдун “Бийлик деле күчүн көрсөтүшү керек го” деген макаласы жарыяланды. Анда автор кийинки кездери укукту уруп ойнобой, маселенин баарын омокко салып чечүү, эл чогултуп келип сүрдымак жасап, демитүү күчөп баратканына токтолгон. Тигил же бул чиновникти коргоп же кызматтан кетишин талап кылып көчөгө чыгуу, жол тосуу кардыресе көрүнүш болуп калды. Бийлик да да сүрмөтоптун сөзүн туура көрүп, экинчи тараптын пикирин укпай эле маселени бир жактуу чечип койгон учурлары аз эмес, дейт макала автору.

“Жаңы кылым” гезитинде журналист Уулкан Келдибай кызы Кыргызстандагы соңку саясий окуяларды “Суу баска айыл, Баткен окуясы, Ү.Сыдыковдун кызматы, Рысбек жана багы ачылбаган мунапыс” деген макаласында талдоого алган.

“15 жылдан бери “өткөөл мезгил” деген балакеттен чыкпаган эл куру саясаттан да, пикет, жүрүштөрдөн да тажап бүттү”, деп жазат ушул эле гезитте М.Дүйшөнбаев.
XS
SM
MD
LG