Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

БОЛГАРИЯ МЕНЕН РУМЫНИЯ ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ 2007-ЖЫЛДАН ТАРТЫП КОШУЛУШУ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага 16-май күнү Европа комиссиясы Болгария менен Румыниянын Европа Биримдигине мүчө болуп кирүү маселесин карады. Акыркы чечим эми үстүбүздөгү жылдын октябрында кабыл алынмай болду.

Бул эки мамлекет Европа Биримдигине 2007-жылдын 1-янарынан тартып кошулушу мүмкүн деген чечим мурда кабыл алынган. 16-май күнү Страсбург шаарында өткөн жыйында - ал чечим бекитилет деп күтүлгөн, бирок акыркы жыйынтыкты октябрдын башында чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынды. Ал тууралуу Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу минтип билдирди:

-"Октябрдын башынан кеч эмес биз абалды кайрадан тыкан караштырып чыгабыз жана маселе ошонде чечилет. Бул эки мамлекеттин Европа Биримдигине 2007-жылдын январынан тартып мүчө болуп кириши мүмкүн же мүмкүн эмес экени тууралуу чечимди Европа комиссиясы ошондо кабыл алат", - деди Баррозу.

Ага чейин Болгария менен Румыния бир топ шарттарды аткарууга тийиш. Румынияга караганда, Болгарияга коюлган шарттар анча-мынча катуурак. Болгарияга коюлган талаптар негизинен коррупция жана кылмыштуулукка каршы күрөш менен байланыштуу. Брюсселде жайгашкан Европа саясатын изилдөө борборунун эксперти Гержана Нучеванын айтымында, акыркы айларда Болгария бир топ аракет көрдү, бирок алгылыктуу жыйынтыктар чыга элек:

-"Маалымат каражаттары бийлик менен уюшулган кылмыштуулук ортосунда Болгарияда байланыш бар деп көп жазат. Бирок бизде анын далилдери жок. Анткен менен кылмышкерлер да кармалып, соттолгону тууралуу мисалдар аз жана Европа Биримдиги үчүн ошондой күрөш керек. Жалпысынан алганда, эки мамлекеттеги абал окшош, бирок Румыниянын өкмөтү бир кыйла чечкиндүүрөк аракеттенип жатат", - дейт Нучева.

Европа парламентиндеги жыйынга Болгария жана Румыния тууралуу докладды Европа Биримдигинин кеңейүү маселелери боюнча комиссары Олли Реен жасады. Анын айтымында, Румынияда адам укуктар тармагында проблемалар бар, андан тышкары айрым экономикалык маселелерди, өзгөчө салык чогултуу тармагын компьютерлештириш керек. Айыл чарба тармагында дагы эки өлкөдө тең көрүлө турган айрым реформалар тууралуу айтылды.

XS
SM
MD
LG