Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

ООГАНСТАНДА КЫРДААЛ КЫЙЫНДЫГЫНА КАРАБАСТАН ТҮЗ ИНВЕСТИЦИЯ КӨБӨЙҮҮДӨ


Он чакты өлкөдөн 500 чакты финансист өткөн аптада Кабулда чогулганда ооган өкмөтү Ооганстанга азыр инвестиция салгандар чоң пайда табышаарын айтып, мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоого чакырышты. Кандай болгон күндө да, жашоо тынчый элек, коррупция дале күчтүү болсо да, өткөн үч жылда өлкөдө чет элдик түз инвестиция кескин көбөйгөн.

Тамим Сами түбү ооган, көп жылдар Кошмо Штаттарында жашады. Бир нече жыл илгери мекенине кайтып келип, үч башка иш ачты, негизинен өкмөткө жана жеке менчик секторго жогорку технологиялык кызмат көрсөтөт. Товар алмашуу салыштырмалуу төмөн болгону менен Сами акыркы эки жылда жакшы эле киреше тапты:

- Мүмкүнчүлүк ушул жакта экенинде шек жок. (НАТО баштаган) коопсуздук жана коалиция күчтөрүнө, маалымат технология компанияларына көрсөткөн кызматтардан жакшы эле пайда таптык. Жеке менчик сектор тирдигип кетсе, баарына биздин кызматтар керек болот.

Лондондо жайгашкан "Файненшл Таймс" тобунун чет элдик түз инвестициялар порталында "Ооганстан жүрөк талмасы бар адам инвестиция сала турган жер эмес. Ошол эле убакта мүмкүнчүлүктөргө дээрлик чек жок" деп айтылат.

Талибан кулагандан берки төрт жылда инвестициялар негизинен курулушка же курулуш материалдарына салынды, өнөр-жайга жана тейлөөгө да анча-мынча ашты. 2003-жылдын октябрынан бери 5 миң жаңы инвестиция долбоорлору катталган.

Ооганстандын инвестицияны колдоо агенттигинин жетекчисинин орун басары Сулейман Фатиминин айтымында, дагы 1 миллиард 300 миллион доллардык инвестиция лицензиялары жаңыртылды. Кока-кола шише заводу, Серена мейманканалары, 13 эл аралык банк, Багланда шекер заводу курулуп жатат.

Ал эми кыйынчылыктарга келсек, Дүйнөлүк Банктын жазышынча, өлкө экономикасынын 80-90 пайызы көмүскөдө, тааныш-билишсиз дээрлик иш жылбайт. Дагы башкы тоскоолдуктар – электр кубатынын тартыштыгы, жер жана каражат алуунун татаалдыгы жана коррупция болуп саналат. Ишкер Сами коопсуздук жана коррупция айрыкча мазени алаарын белгилейт:

Коопсуздукка өзгөчө чыгым болобуз – сакчыларга, мекемелерди кайтарууга кетет. Күйүүчү май да өзүнчө баш оору. Ишке зарыл болгон электр кубатын алыш үчүн генераторлорго күйүүчү май табышыбыз керек. Коррупция менен такай илээшебиз. Өкмөт ушуга көңүл бурса болмок.

Ошого карабастан, ишкер Ооганстанда инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөр жетиштүү деп эсептейт. Бул үчүн кыйынчылыктарды бизнес план түзүп жаткан баскычта эске алып, чечүүгө аракет кылыш керек. Кыйынчылыктар кайсылар, аларды кандайча жеңүүгө болот? Ушул суроолордун жообун билсеңиз, кочушуңуз кур калбайт деп белгилейт ал.

XS
SM
MD
LG