Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

БИШКЕКТЕ ТУРИЗМГЕ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ЖАРМАҢКЕ АЧЫЛДЫ


17-майда Бишкекте Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин демилгеси менен «Туризм жана саякат» деген аталышта эл аралык биринчи туристтик жармаңке башталды.

Алгач чет өлкөлүк туроператорлор, журналисттер жана меймандар Кыргызстандын кооз жаратылышы,туристтик зор мүмкүнчүлүгү жөнүндө телебаяндаманы көрүштү. Эл аралык биринчи туристтик жармаңкени өлкөнүн өнөр жай, соода жана туризм министринин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов ачып, жармаңкеге ондон ашуун өлкөдөн өкүлдөр келишкенин маалымдады. Жармаңке- көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземинде мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров Кыргызстандын туристтик зор мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө тооскол болуп жаткан жагдайларды жөнгө салууга аракеттер көрүлө баштаганын билдирди.

«Туризм жана саякат» эл аралык биринчи Бишкек жармаңкесинин ачылышында дүйнөлүк туристтик уюмунун Европа аймактык өкүлү Луис Кабрини сөз сүйлөп, дүйнө жүзүндө туризм кулачын жайып, өнүгүп баратканын, былтыр 808 миллион турист чет өлкөлөргө саякатка чыкканын, Кыргызстан туристтик мамлекет катары таанылууга мүмкүнчүлүгү бардыгын, ал үчүн көп аракет, реклама жана маркетинг кызматы керектигин белгиледи.

Жармаңкенин катышуучуларына арнап, кыргыз ыр- күүлөрү жаңырып, «Жаш кыял» бий ансамблинин аткаруусунда кыргыз бийлери аткарылды.

Опера жана балет театрынын айланасында тигилген боз үйлөр «Кыргыз айылы» деп аталып , андагы көркөм кол өнөрчүлүк буюмдар, көргөзмөлөр, улуттук оюндар, каада-салт менен чет элдик туроператорлор, журналисттер таанышууга мүмкүндүк алышты.

Көркөм- сүрөт музейиндеги экспонаттар, эс алуучу жайлардын, турфирмалардын көргөзмөсү туризмди, жайкы эс алуу жагдайын рекламалоого арналды.

Мындай жармаңке өтө кеч уюштурулуп жатканын, Кыргызстанга жүздөн ашуун өлкөдөн туристтерди алып келүүгө өбөлгө түзүшөөрүн «Түркия аба жолдору» компаниясынын Кыргызстандагы бөлүмүнүн жетекчиси Ахмед Дог билдирди.

Бишкектеги жармаңкеге Казакстандан келген журналист Руслан Бөлөкбай туристтерди тейлөөнүн сапатын, маданиятын жогорулатуу зарыл белгиледи.

Өлкөдөгү туризмдин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук кылган жагдайлар, рекламанын жоктугу, кадрлардын билим деңгээлинин төмөндүгү экенин моюнга алуу менен эл аралык жармаңкенин максаты тууралуу Кыргызстандын өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин орун басары Турусбек Мамашев билдирди:

- Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Маалыматтан аксап турабыз. Реклама, маркетинг кызматын колго алууга колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Ал үчүн каражат керек экен. Түркиянын “Тика” уюму “Кыргызстан- туризмдин өлкөсү” аттуу көркөм түстүү китеп чыгарууга жардам берди. Ошондой эле 15 өлкөгө таратылып жүргөн эл аралык “Да” журналы бир санын Кыргызстандын туризминин көйгөйлөрүнө арнады. Кыргызстандын туризм тармагына эларалык уюмдардын жардамы, колдоосу керек болуп турат. Жармаңке ушундай максат менен өлконү таанытууга арналды.

Эл аралык биринчи туристтик жарманке үч күнгө созулат. Эртең чет өлкөлүк туроператорлор, журанлисттер Ысыккөлдөгү эс алуучу жайлар менен таанышууга жөнөп кетишет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG