Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

КРИМЧӨЙРӨДӨ ТЕҢСАЛМАКТУУЛУК БУЗУЛДУ, ОППОЗИЦИЯНЫН КЫЧУУСУ КАНБАДЫ


Кабыл Макешов, Бишкек

17-майдагы «Республика» гезитинде саясий баяндамачы Алымбек Биялинов криминал дүйнөсүнүн тең салмактуулугу Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу бузулганын талдоого алган. Өзгөчө кылмыш чөйрөсүнүн эки авторитети-Рысбек Акматбаев менен Азиз Батукаевдин ортосундагы карама-каршылык курчуп, татаалданып кеткен. Эми Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу криминалдык дүйнөнүн тең салмактуулугу бузулду.

"Ага чейин Рысбектин жакын шакирттерин жайлашты. Эми таасир чөйрө бөлүштүрүү чыр-чатагы ырбайт. Чынында эле саясат деген абдан булганыч оюн экенин, өзгөчө криминал чөйрөсү үчүн келишпес экенин далилдеди. Рысбек Акматбаев саясатчыларга ишенип, өз өмүрүнө балта чаап алды. Анын саясатка алмашуусунун зарылчылыгы жок эле",- деп жазат Алымбек Биялинов.

«Республика» жумалыгында учурдагы оппозиция тууралуу саясат таануучу Эрик Ибраевдин макаласы жарык көрдү. Анда 29-апрелдеги митинг өз максатына жетпей, өксүп калгандыктан оппозиция 27-майда дагы митинг өткөрүүгө камынып жатканын, алардын максат-мүдөөсү тууралуу айткан. «Биринчиден, оппозиция менен бийликтин бетме-бет сүйлөшүүсү ишке ашпай калды. Президент Курманбек Бакиев митинге келген менен бир ооз сүйлөп коюп, суроо-жоопко карабай баса берди. Экинчиден, митинг аймактык мүнөздө гана өттү. Үчүнчүдөн, митинг нөшөрлөгөн жамгырга байланыштуу бир саатка гана созулган. Бийлик оппозиция койгон талаптарды дээрлик аткарган жок. Бирок, бир айда ал талаптарды аткарууга да мүмкүн эмес» деген пикирин «Республика» гезити аркылуу саясат таануучу Эрик Ибраев билдирген.

Ушул 17-майдагы «Республика» гезитинин маалыматына таянсак президент Курманбек Бакиев кадрдык алмаштыруу менен башкаруу системасын тартипке келтирүүгө аракет кылууда.

«Дело №» жумалыгы Рысбек Акматбаевдин кандай жагдайда атылып өлтүрүлгөнүн иликтеп, окуя болгон Көкжар айылынын мечитинен, айыл тургундарынан пикир чогултуп, кеңири репортаж беришти. Ошондой эле бул жумалыктын кабарчысынын суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев жооп берип, президент Курманбек Бакиевдин кадр саясатындагы орун алмаштыруулар, өлкөдөгү саясый кырдаал, коррупция тууралуу өз пикирин билдирген.


«МСН» гезитин барактап көрсөк, Москва шаарынын жетекчилери Кыргызстандан жумушчу күчтөрүн пайдаланууга кызыкдар болуп, атайын долбоор даярдап жатканын маалымдайт. «Москвада атайын кыргызстандыктар үчүн эмгек биржасы түзүлгөнү жатканын, ага байланыштуу түрдүү кесиптерге суроо-талаптар иликтенип, мыкты адистер гана тандалып алынаарын, айрым адистерди кайра даярдоочу курстар да болоорун жазышты. Өткөн жылы Москвада расмий маалымат боюнча 187 миң чет өлкөлүк эмгектенген. Бул расмий катталганы. Ал эми ар бир катталганга 10дон ашуун катталбаган эмгек мигранттары туура келет. Ошондуктан алардын укугу корголбой келген. Эми кыргызстандык эмгек мигранттарына артыкчылык, жеңилдиктер бериле баштайт.»

Ушул гезиттин баяндамачысы Людмили Жолмухамедова өлкөдөгү коррупционердин бейенесин ачып берүүгө аракет кылган. «Коррупционерлер-биздин кошуна-колоңдор, достор жана туугандар. Коррупционерлер-алар жөнөкөй гана чиновниктер. Алар кызматтын төмөнкү тепчиктеринде болгону менен жетекчисинин керегине жарап, кызматын кылып, тапканын тең бөлүшүп турушат".

"Кыргызстан демократия кейиптенген коомду курууга аракет кылган менен паракордук, коррупциядан арылбай, орто кылымдын деңгээлинде турганы өкүндүрөт" деп жазат Людмила Жолмухамедова.

«МСН» гезитинин кабарчысы Лариса Ли дүйнөлүк банктын «Бизнеске киришүү» отчетунун автору Симеон Жанков менен маектешкен. Кыргызстандагы бизнес Орусия менен Казакстан өлкөлөрүнүн ортосунда кептелип калган. Өлкөдө экономиканын өнүгүшү төмөндөп кеткен. Кыргызстан-кичинекей өлкө. Кытайдын экономикалык таасири да тийип жатат. Экинчиден, өкмөттүн айтканы аткарылбай, чет элдик инвесторлор Кыргызстанга келүүдөн чочуп турушат» деген пикирин билдирген Симеон Жанков.

17-майда «Белый параход» жумалыгы да чыкты. Мында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев өлкөдөгү кадрдык орун алмаштыруулар тууралуу ой-пикирин билдирген. «Өлкө башчысы Курманбек Бакиев өзү мыйзамды бузууда. Жетекчилерди өкмөт башчысы Феликс Кулов тандап, президенттин кароосуна сунуштоосу зарыл эле. Андай болгон жок. Жаңы дайындалгандарга Феликс Кулов аргасыз макул экенин жигитче билдирди. Ал эми Данияр Үсөнов өз кызыкчылыктары үчүн гана бийликке кайра келди. Ал өлкөдөгү ири бизнес долбоорлорун өзүнүн кызыкчылыктары үчүн пайдаланганы жатат. Экөөнү гана мисалга алалы: Бири Ысыккөл-Сарыжаз жол курулушу, экинчиси, Аксай цемент заводу. Данияр Үсөнов цемент заводун курууга киришкен орусиялык инвесторлорду үркүтүп жатат» деп сынга алган Текебаев.

Ушул гезиттин маалыматына таянсак, учурдагы оппозиция акырындык менен позициясын алдырып, күчүнөн тайып баратат.
XS
SM
MD
LG