БИШКЕК. 12-майда кыргыз-тажик чегарасындагы куралдуу кол салуу окуясы боюнча Коопсуздук кеңеши өз алдынча иликтөө жүргүзүп атат. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алик Орозов ушул күндөрү окуя болгон жерде жүрөт. Ушул эле учурда кечээ Баткенге парламенттин бир нече депутаттары да жөнөп кетишти. Алар куралчан топту жок кылуу операциясынан жоготууларсыз чыгууга тоскоол болгон жагдайларды иликтеп чыгышат. Парламенттин тиешелүү комитети депутаттар Баткенден кайтып келгенден кийин палатага өз жыйынтыгын берет.