26 жылдан бери орус жергесин жердеген Туман Жумабаев ал кездеги Ленинградда Серов атындагы көркөм окуу жайын жана Репин атындагы көркөм өнөр академиясын бүтүргөн. Анын сүрөттөрү бүгүн Алиса Френдлих, Татьяна Васильева, Игор Дмитриев, Николай Расторгуев сыяктуу атактуу адамдардын үйлөрүндө илинип турат. Елена Образцова суктанган мекендешибиздин айрым чыгармалары келерки айда Ирандын Исфана шаарында өтүүчү Санкт-Петербургдун күндөрүндө да көрсөтүлөт. Ал эми азыркысында ал атактуу голландиялык Рембранддын сүрөттөрүн жаңы көркөм мейкиндикке көчүргөн экен. Мен андан эмне себептен дал Рембрандды тандап алгандыгын сурадым.
Туман Жумабаев : Рембранд дүйнө боюнча сүрөтчүлөрдүн арасында эң акылдуу сүрөтчү. Рембрандтын сүрөттөрүнөн анын ой-пикири, адамга кандай мамиле кылганы көрүнүп турат. Ал адамдын ким экенине терең көз жүгүртүп, ошого терең мазмун бере алган.
Жаңыл Жусубжан: Ошол сүрөттөрдү силер көчүрүп тартып, анан ага өз штрихиңерди кошкон турбайсыңарбы?
Туман Жумабаев : Мен Рембрандтын сүрөттөрүнүн м азмунун өзгөртпөй тарттым. Ал эми айланасындагы буюмдардын бардыгын бүдөмүктөштүрүп салдым. Негизги ой – адамга бактылуу болуш үчүн эч кандай буюм, оокаттын кереги жок. Анын жыргалчылыгы тышкы дүйнөдө эмес, анын ички дүйнөсүндө.
Жаңыл Жусубжан: Сүрөтчүгө спонсор керекпи? Керек болсо, силердики ким?
Туман Жумабаев: Азыркы көрсөтмөнү Алхамир Сергеевич Гуриевич деген түбү ташкендик ишкер колдоду. Ал пиво кайнаткан заводдун директору. Опера ырчысы Елена Образцова да колдойм деп жатат. Буюрса сентябрда Москвада көрсөтмө болот, ага президент Путин баш болгон "чоңдор" келмекчи.
Атактуу жердешибиз мурдатан "Эски Ладогадагы кыш", "Аргонавттардын жолу", "Гүлдөр" деген сыяктуу темаларга тартып келген. Чейрек кылымдан ашык мезгилден бери киндик каны тамган Ала-тоодон алыста жүрсө да, кыргыз темасына кайрылсам деген тилегим бар дейт.