Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

КЫРГЫЗ - ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЭМНЕ ҮЧҮН ЧЫҢАЛУУДА?


Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси буга чейин да мыкты болгон эмес. Жума башында Кытайда болгон Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында ал дагы бир ирет ачыкка чыкты. Анда Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун ШКУнун антитеррордук борборун жетектөөсүнө расмий Ташкен караманча-каршы болду. Эки мамлекеттин мамилесинин өнөкөт оорудай өрдөй албай жатышына эмне себеп болууда?

Мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда да Бишкек менен Ташкендин мамилеси ойдогудай болгон эмес. Бирок, Кыргызстандагы март ыңкылабынан кийин эки тарап мамилени жаңы барактан баштоочудай болгон. Буга Өзбекстандын ыңкылаптан кийин Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүсү өбөлгө түзгөндөй сезилген. Ал жардам өз үйүн өрттөп алган адамга берилген кайыр-садагадай болгон менен, кыргыздын жаңы бийлиги аны тууганчылык жардам катары баалап, кабыл алган.

Кыргызстандын ошол кездеги тышкы иштер министри Роза Отунбаева көп узабай Ташкенге сапар менен барып, эки мамлекеттин ортосундагы муз ээрий тургандай элес жаралган. Бирок көп узабай Анжиян калабасы чыгып, анын натыйжасында жүздөгөн өзбек атуулдары Кыргызстанга кире качты. Ташкен аларды кайтарып берүүнү талап кылган. Бирок, Кыргызстан эл аралык мыйзамдарга ылайык качкындарды үчүнчү өлкөлөргө өткөрүп берди. Мына ушул качкындар маселесиндеги пикир келишпестик ШКУнун Шанхайдагы жыйынында келишпестиктин чыгуусуна, тактап айтканда, Өзбекстандын Кыргызстан өкүлү Мирослав Ниязовдун ШКУнун антитеррордук борборун жетектөөсүнө каршы чыгуусуна негиз болуп берген.

-Эми качкындар деген маселе чыкпады беле. Ошондо таарынып калышса керек. Алар түздөн-түз мага каршы болуп, бирок Кыргызстанга жалпы каршы эмес,- дейт бул тууралуу Мирослав Ниязов.

Бирок качкындар боюнча чечимди жалгыз Мирослав Ниязов эмес, жалпы кыргыз бийлиги коомчулуктун колдоосу менен кабыл алганы белгилүү. Ошондуктан бул жерде бир Мирослав Ниязов жөнүндө сөз болушу туура эмес, деп эсептейт жергиликтүү талдоочулар.

Өзбекстан президент Ислам Каримов өткөн жумада Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда Кыргызстан дарегине кыйыр түрдө «таш ыргытканын» орус маалымат каражаттары жазып чыкты. Ислам Каримов анда орус инвестициясын «эчтекеси калбаган» коңшу мамлекеттерге эмес, «май токочтуу» Өзбекстанга жөнөтүңүз деп орус президентин үндөгөн.

Ошондуктан жалпылап айтканда, бул жерде орус инвестициясы үчүн да күрөш жүрүп жатат, дейт Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алишер Абдымомунов. Анын айтымында, Кыргызстандын өнөр жайды көтөрүү аракети расмий Ташкенге жакпайт:

-Биринчиден, Өзбекстанга Кыргызстан кура баштаган цемент-шифер заводдун кереги жок. Казакстанга да, Өзбекстанга да Камбарата ГЭСтеринин курулушунун кызыкчылыгы жок. Мына ушул жагдайдан алган болсок, акыркы окуяларды инвесторлорду кетирүү, чочутуу аракеттери менен байланыштырсак да болот.

Өзбекстандын «Эрк» партиясынын Бухара облусу боюнча башчысы Насрулло Саидов эки мамлекет ортосундагы мамиле тууралуу мындай пикирин айтат:

Каримовдун ич күйдүлүгү бар.Себеби Кыргызстанда болуп жаткан либералдык реформалар, демократия өзбек президентине жакпайт. Ал Кыргызстандан эркиндик кирип келишинен чочулайт. Ушул себептен да ал Кыргызстан өкүлүнүн антитеррордук борборду жетектөөсүн каалабайт. Бул жерде чыныдыгында, сиздер белгилегендей, орус инвестициясы үчүн дагы күрөш бар. Каримов режими эл аралык изоляцияга түштү. Ошондуктан Россия инвестициясы үчүн күрөш жүргүзө баштады. Кыргызстанга орус тараптан инвестиция келери күтүлгөнү үчүн да Каримов ичтен каршы болуп жатса керек.

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын соодасынын көлөмү кыскарып, эки мамлекет суу-энергетика боюнча кызматташууну дээрлик токтотуп коюшкан. Бул эки мамлектеке тең пайда алып келген жери жок. Бийликтегилер мына ушинтип тил табыша албай жаткан шартта, Кыргызстандын түштүгүндөгү калк кол топтоп, кыргыз-өзбек мамлекетинин атуулдарынын катташуусуна тоскоолдук кылган виза режимин жокко чыгарууну сунуштоодо. Бирок, алардын үнүн ким угат?
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG