Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

ЭМИ БИР ЭМЕС, ЭКИ ЦЕМЕНТ ЗАВОД


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында саясий-экономикалык маселелер, айрыкча Кызылкыядагы цемент заводунун курулушу тууралуу макалалар, ойлор, пикирлер, сунуштар арбын жарыяланды.

Кызылкыяда курулуп жаткан Түштүк Кыргызстан цемент заводунун жанына орусиялык инвесторлор “Аксай цемент” заводун салууну көздөп жатышат. Парламент депутаты Ө.Текебаевдин кыргыз өкмөтүнө Д.Үсөнов келгенден кийин орусиялык заводду курууга тоскоолдуктар жасалып жатат деген билдирүүсү чындыкка коошпой тургандыгын жума күнкү “Кыргыз туусу” гезитинде Түштүк Кыргызстан цемент заводунун директору Ян Фишер менен завод директорунун каржы иштери боюнча орунбасары Рифкат Утюшев билдиришкен.

Эгер Кызылкыядагы курулуп жаткан цемент заводунун жанына дагы бир ири ишкана түшсө биртоп талаш маселелер чыгат. Аксай заводу Кызылкыядагы цемент заводуна тоодон конвейер аркылуу ташылып келчү жолду тосуп калат, акиташты айланма жол менен ташып келүүгө туура келет. Бул күнүгө 40 тонналык 200 машина ары-бери каттап туруу дегенди түшүндүрөт, дейт Ян Фишер. . Директордун ырасташынча, орусиялык ишкана чыгарган продукциясын Сарыжазда курулчу ГЭСтерге сатууга куштар, андай болгондо Көлгө жакын жерде цемент заводун куруу ыңгайлуу болуп жүрбөсүн.

Ушул эле тема жума күнкү “Кыргыз руху”, “Жаңы кылым” гезиттеринде да козголду. Айтса, “Кыргыз руху” гезитинин жаңы санында “Демократиялык күчтөр биримдиги” саясий партиясынын теңтөрагасы Бакыт Бешимовдун “Азыр калп айтууга негизделген саясат жүрүп жатат” деген көлөмдүү маегинин экинчи бөлүгү жарыяланды. “Тандем бул колонизатордук саясаттын калдыгы,- дейт Б.Бешимов. -Тандемге тилекке каршы, саясий элитанын регионалдык принцип менен эки тарапка бөлүнүп кеткендиги түрткү болду”. Б.Бешимов тандем эми ашып кетсе бир жыл чыдайт деген пикирде. “Президент өзү тажрыйбалуу бюрократ. Эки жолу губернатор, аким, премьер-министр болгон. Иши кылып классикалык түрдөгү совет стилиндеги бюрократ. Кадамдарын ошол деңгээлде карап, анализдеп чечип жатса керек. Бүгүнкү көрүнүш уланса, ийгиликке жетиши кыйын”, дейт.

Президент өлкөнү мындан ары башкаруу үчүн катуу болушу зарыл. Эгер зарыл болсо өкүмзордукка да баруусу керек, дейт “Арча” партиясынын жетекчиси Сазыкбай Турдумалиев “Аалам” гезитиндеги “Өлкөнү сактайлы” аттуу макаласында. Анын пикиринде, азыркы башаламандыктан, аргасыз чочулоодон эл деле тажап бүттү. Эми мындан ары президент бошоңдук кылса калк кечирбейт.

Туристтик сезон жакындаганы Кыргызстандагы эс алуу жайларынын шарты кандай, акысы канча экенин жума күнкү “Бишкек таймс” гезити маалымдады. Басылманын жаңы санында “Жерүй” алтын кенин иштетүүгө куштар австриялык компаниянын аракети, иши жүрүшпөй, ачылышы кыйла кечигип жаткан алтын кенди кимдер иштетүүгө кызыкдар болгону тууралуу Максат Бейшеналиевдин макаласы жарыяланды.

Медицина тармагынын көйгөйү, кошумча акы төлөөнүн натыйжасы, эмне үчүн туура эмес диагноз койгон дарыгерлер арбып баратат? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде журналист Уулкан Келдибай кызы иликтөө жүргүзгөн. Анын “Онтогон оору олчойгон акчабы же ит үрө берет, кербен жүрө береби?” деген макаласы жума күнкү “Жаңы кылым” гезитинде чыкты. Жугуштуу оорулар, жакырчылыктын айынан кесел кишилер деле соода кылып, калк арасында бейтаптардын саны өсүп баратканына “МСН” гезитинде белгилүү профессор Рысбек Абдылдаев да токтолгон.

Парламент депутаты Өмүрбек Текебаевдин ишмердиги тууралуу жума күнкү “Жаңы ордо” гезитинде Жалил Сапаровдун “Шайлоочулар нааразы. Эмнеге? Же өз депутатынан кагуу жеген фронтовик ардагерлер эми кимге каршы согушат?” атуу макаласы жарыяланды. Президент менен депутаттын карама-каршылыгын райондун акими Айтмамат Осмонов мындайча мүнөздөйт: “Бири түзсөм, бар кылсам дейт, бири бузсам, бүлдүрсөм дейт”.

Ушул эле гезитте парламент спикери Марат Султановдун маеги да жарыяланган. “Менин башкаруу системасы боюнча позициям, мен аралаш системаны колдойм. Аралаш дегеним президенттик-парламенттик мамлекет. Дегинкиси бир беткей парламенттик же бир беткей президенттик башкаруу болбош керек”, дейт М.Султанов.

Кыргызстанга жеңил келген эгемендик менен мамлекеттүүлүктү оюнчуктай көрүп, ага жеңилбаа мамиле жасалып жатканына “Агым” гезитинде мударис К.Исаев менен оппозициялык партия жетекчиси К.Дүйшөбаев токтолгон. Басылмада парламент депутаттары Т.Сариев, Ж.Сатыбалдиев, К.Байболовдун маектери да жарыяланган.
XS
SM
MD
LG