Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

ОШ: ШАЙЛООДОН ЧЫККАН НААРАЗЫЛЫК ЖОЛ ТОСУУ АКЦИЯСЫНА ӨТТҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 18-май күнү депутаттыкка талапкер Санжар Кадыралиевдин жактоочулары Ош-Бишкек автожолун төрт сааттан ашуун бөгөп турушту. Алар өздөрүнүн талапкерине депутаттык мандатты берүү кечиктириле бере турган болсо жол тосууну мөөнөтсүз түрдө кайрадан улантышарын эскертишүүдө.

Түшкү саат он экилерге жакын шайлоонун ырасмий жыйынтыктарына макул болбой жаткан талапкер Санжар Кадыралиевдин жактоочулары Ош-Бишкек автожолун Куршаб айылына кире бериш жеринен бөгөштү. Нааразычылык акциясынын катышуучулары шайлоо таза эмес өткөндүгүн күбөлөндүргөн, алардын далилдери борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынбай бийлик бутактары тарабынан буга көңүл бурулбай жаткандыгына нааразычылыгын билдиришти:

- Биз көрдүк президентке, өкмөткө, бакылдашып отурган парламентке кайрылсаң жооп жок. Өзүбүздүн сөзүбүздө саат он экиге жол тосулат деп айттык. Ошого чейин облустун жетекчилери келбегенден кийин андай жетекчилер бизге керекпи? - деген оюн белгиледи талапкер Санжар Кадыралиевдин шайлоо штабынын башчысы Каныбек Кимсанов.

Бир канча убакыттан соң тосулган жолдун эки тарабына автоунаалар чогулуп кетип, жүргүнчүлөр жолду ачууну талап кыла башташты.

Жолдун ачылышын күтүп отурган жүргүнчүлөрдүн айрымдары кан жолду бөгөө туура эмес экендигин айтышып, саясий талаптарды тиешелүү жерлерде чечүү керек эле деп айыпташты:

- Жол тоскон пикетчилер өкмөткө, акимчиликке барып чыксын. Жолго чыккан адамдардын пикетке эч кандай тиешеси жок. Убакыт кетип атат, жумуш менен жүрөбүз биз. Бекер адам жолдо жүрбөйт да - дейт үйүнө барууга ашыгып турган жүргүнчү Расул Имамалиев.

Автоунаалардын топтолуп кеткендигинен улам кырдаалдын курчуп кетишинен чочулаган Өзгөндүн акими Үсөнбай Абдыраимов нааразы тараптардан жолду ачууну суранды:

- Балалуулардын оору-сыркоосу болп калышы мүмкүн. Алыскы жолдон чарчап келаткан адамдар бар. Бул кан жол. Сабырдуулк кылып туралы.

Кечки саат төрттөн өтүп Кадыралиевдин жактоочулары жолду ачышып, бирок 19-майда борбордук шайлоо комиссиясынын кеңешмесинде чечим алардын пайдасына чыкпай кала турган болсо, жолду бөгөп алууну кайрадан уланышаарын эскертишти.

XS
SM
MD
LG