БИШКЕК. Куршаб округу боюнча депутаттыкка ат салышкан Санжар Кадыралиевдин жактоочулары бүгүн Ош-Бишкек жолун кайрадан бөгөшөт. Алар кечээ да эртеден кечке жолду бууп алышып, жолго 600гө чукул автоунаа чогулуп, кырдаал өтө курчуп кеткен. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жолду эртең мененкиге чейин ачып турууга көндүрүшкөн. Аталган округда экинчи айлампага Мамат Орозбаев менен Санжар Кадыралиев чыккан. Төрт шайлоо учаскасындагы добуш берүү жокко чыгарылгандан кийин ким депутат болоору белгисиз бойдон турат. Бүгүн БШКнын жыйыны болуп Куршаб округундагы талашка чекит коюлат.