БИШКЕК. Кыргызстан менен таанышуу максатында келген бул топ Ошто жана Ысыккөлдө болуп келишкен. Жолугушууда президент Кыргызстан демократиялык жараяндар жакшы темпте өнүгүп жаткан КМШдагы өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи. Ушул эле күнү президент Кытайдын маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кабыл алды. Президенттин эмки айда Кытайга болчу иш сапарына арналган бул жолугушууда Курманбек Бакиев бул сапардын үзүрлүү болооруна үмүт артаарын билдирди.