БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Кадамжай округундагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен журналист Нооманжан Аркабаевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныды. Ушул сааттарда БШК Куршаб округундагы эки талапкердин ортосундагы талаштуу маселени кароодо.