Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Үсөн Сыдыков жашыруун жыйын өткөргөнбү?


БИШКЕК. «Агым» гезити бүгүнкү санында президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыков 8-майда айрым министрлердин катышуусунда жашыруун жыйын курганын жарыялап, анын протоколун басты. Ага караганда, жыйында 27-майга белгиленген митингге жана аны уюштуруучуларга каршы чараларды көрүү тууралуу сөз болгон. Оппозициялык маанайдагы айрым депутаттар бүгүн «Азаттыкка» айткан пикирлеринде муну эски бийликтин адатын кайталоо катары баалашты. Юстиция министри Марат Кайыпов мындай жыйын болгон-болбогонунан кабары жоктугун «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG