Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Казакстандагы уйгурлар күч менен Кытайга берилип жатканы сынга алынууда


Адам укуктар боюнча Хельсинки эл аралык федерациясы кечээ күнү Вена шаарында билдирүү жасап, Казакстанда жашаган уйгурлар кармалып, Кытайга күч менен өткөрүлүп берилүүдө деп билдирди. Федерациянын айтымында, Бээжин аларды экстремизмден күнөөлөйт жана кытай өкмөтүнүн колуна тийсе, кыйналаары бышык. Уйгурлар негизинен Кытайдын Шиңжаң дубанында жашайт жана алардын айрым уюмдары эгемендүүлүк үчүн күрөшөт, Бээжин аларды куугунтуктагандыктан, уйгурлар кошуна Казакстанга качат.

XS
SM
MD
LG