Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Польшанын коргоо министри Орусияны катуу сынга алды


Польшанын коргоо министри Радослав Сикорски кечээ күнү Би-би-сиге интервью берип, Орусияны катуу сынга алды. Анын айтымында, мунай жана газ сатуунун шарттарын өзгөртүү менен Маскөө кошуна мамлекеттерге саясий басым жасоого аракеттенип жатат, ал эми Балтик деңизинин түбү аркылуу Орусиядан Алманияга чейин жаткырыла турган жаңы газ кууру - Сталин менен Гитлер ортосунда кол коюлган келишимге окшош. Ошол келишимдин негизинде кийин 1939-жылы нацисттер Польшага кол салган.

XS
SM
MD
LG