Европа Биримдиги кечээ күнү Сирия жетекчилигине кайрылып, өлкөнүн абактарында кармалган саясий туткундарды бошотууну талап кылды. Өткөн аптада беш жүзгө жакын белгилүү адам Сирия өкмөтүнө кайрылып, кошуна Ливан менен болгон мамиленин жакшыртылышын талап кылгандан кийин, алардын айрымдары камакка алынган.