Өтүп бараткан аптада Адилет министрлиги сунуш кылган Мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоору Парламентте кабыл алынбай артка кайтарылган. Президент К. Бакиевдин демилгеси менен март революциясынын бир жылдыгына карата даярдалып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, абактан 180 адам бошотулуп, 5 миңге жакын кылмышкер адамдардын жазалары женилдемек. «Азаттыктын» Бишкектеги студиясында Адилет Министри Марат Кайыпов менен Бейөкмөт уюмдар бирикмесинин жетекчиси Токтайым Үмөталиева мунапыс Мыйзам долбоору жана түрмө рформасынын тегерегинде ойлорун ортого салышкан. Маекти журналист Бакыт Орунбеков алып барат.