БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте жана Чүй облусунда жалпы республикалык тестирлөө болуп өттү. Быйыл өлкө аймагындагы орто мектепти 84 миңге чукул бүтүрүүчүлөр аякташат. Ал эми республика боюнча 32 миң 636 бүтүрүүчү 26-майдан 31-майга чейин жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшөт. Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан бери өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Билим, илим жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Аманбек Жапаров, Бишкек
Аманбек Жапаров, Бишкек