Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Жаш саясатчылар ХИПИКке каршы кол топтошту


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин борбордук аянтына жакын жерде жана Айчүрөк дүр- дүйнө дүкөнүнүн жанында жаш саясатчылар уюштурган Кыргызстандын ХИПИК программасына киришине каршы кол чогултуу акциясында миңден ашуун адамдын колу чогултулду. Кол чогултуу маалында Бишкек шаар башчысынын орун басары менен Биринчи май райондук администрациясынын акиминин орун басары тарабынан бирикменин катышуучуларына кысым көрсөтүлдү. Бул тууралуу жаш сасяатчылар бирикмесинен “Азаттыкка” билдиришти. Алардын пикиринде, ХИПИК программасына кирсе Кыргызстан банкрот деп табылып, эл аралык валюта корунун жана башка эл аралык каржы уюмдарынын көрсөтмөсү менен жашап калуу коркунучу бар.

XS
SM
MD
LG