Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Куршабда кан жол тосулду


БИШКЕК. Куршаб шайлоо округунан атаандашына жеңилген Санжар Кыдыралиевдин эки жүзгө чукул шайлоочулары бүгүн Ош облусуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүнө кире бериш жердеги автожолду тосмолго алууну улантышты. Алар менен президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков , Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жолугушту. Сыдыков бардык талаш маселени сот чечерин, шайлоочуларды сотко кайрылууну сунуш кылды. Ал өз сөзүндө сотторду калыс чечим чыгаргыла деп айтарын билдирди. Кадырлаиевдин тарапкерлери келерки шейшембиде сот алардын пайдасына чечпесе кайрадан жолду тосмолго алышарын айтышты. Жума күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Куршаб шайлоо окуругунан Мамат Орозбаевди депутаттыкка каттаган.

XS
SM
MD
LG