Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

КЫРГЫЗСТАНДЫК ШАХМАТЧЫЛАР ОЛИМПИАДАЛЫК ОЮНГА КАТЫШУУДА


21-майда Италиянын Турин шаарында дүйнөлүк 37- шахмат олимпиадасы башталды. Акыл таймашына кыргызстандын эркектер жана кыз- келиндер командасы толук курамы менен катышууда.

Эгемендүүлүктү алгандан бери кыргызстандык шахматчылар Азия жана дүйнөлүк биринчиликтерде таанылган. Кыргызстандын тарыхында 1992-жылы Манила шаарында (Филиппин) өткөн шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиадада кыргыз шахматчылар командасы эгемендүү өлкөнүн атынан туу көтөрүп барып алгачкы жолу катышып, 15-орунду ээлеген. Ошондон бери дүйнөлүк 7 шахмат олимпиадасына кыргызстандык шахматчылар катышкан.

Алгачкы олимпиадачылардан эл аралык гроссмейстр Леонид Юртаев, эл аралык шахмат чеберлери Ирина Острый менен Бактыгүл Тиленбаева Туринде бүгүн башталган 37- шахмат олимпиадасына жаштарды баштап барышты. Кыргызстандын командасын жетектеп барган өлкөнүн шахмат федерациясынын аткаруучу директору Бактыгүл Тиленбаева олимпиадачыларды тааныштырып, мындай деди:
- Мурда жалаң чоңдор барып, жаштарга кезек бербей жүргөн болсо, быйылкы команданын катарын жаштар түздү. Кыздардан Жаңыл Тиленбаева, Ирина Острый, Софья Сабирова жана Александра Самаганова, жигиттерден Леонид Юртаев, Алгис Шүкүралиев, Семетей Төлөгөн тегин, Нурдин Самаков,Андрей Мазницин жана Садам Давлетбаков Туринде Кыргызстандын намысын коргоп жатышат. Абдан курч мүнөздө таймашуулар болчудай.

Мурдакы жылдан баштап, өлкөнүн шахмат федерациясына финансы министри Акылбек Жапаров президент болуп, колдоо көрсөттүүгө аракет кылып жүрөт.

Өлкөнүн тандалган шахматчылары дүйнөлүк 7 шахмат олимпиадасына катышканын, өкмөттүк деңгээлде жардам болбой, демөөрчү издеп, убара болуп жүрүшкөнүн уландар арасында Азиянын чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин атасы Төлөгөң Исаев айтып, мындай деди:
- Өлкөдө келечектүү, таланттуу жаштар арбын. Биз кудайчы болуп бүттүк. Уулум Семетей Азия чемпионаттарында бир нече ирет байгелүү орунга ээ болуп, былтыр чемпион болсо да Кыргыз спорт комитети жарытылуу стипендия бербей жүрөт. Кыргызстандын жаш шахматчылары ата- энелердин колдоосу менен гана кармалып турат. Менин уулумду казактар чакырып, Алматыдан үй беребиз, шартын түзүп беребиз дешкен. Биз андай убадаларга көңүл бурбай, Кыргызстандын ар- намысын жогору койдук. Айла кеткенде мурдакы дүйнө, Азия биринчиликтерине уулумду катыштыруу үчүн Бишкектеги үйүмдү, машинамды жана чакан дүкөнүбүздү сатууга туура келди. Кыргыз спортуна күйгөн, жаштарга көңүл бурган жетекчиге зар болдук. Ошентсе да Кыргыз туусун эл аралык шахмат олимпиадасында жогору көтөрсө деген тилек.

Быйылкы Туриндеги шахмат олимпиадасынын дагы бир өзгөчөлүгү оюндар ортолоп калганда эл аралык шахмат федерациясынын генералдык ассамблеясы болуп, жетекчилердин отчету угулуп, кайра шайлоо болмокчу. Жаңы жетекчилерди шайлоочу бул генералдык ассамблеянын ишине Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти Акылбек Жапаров дагы катышууга ниет кылууда.

Өлкөдө жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн жаштар арасында Азия чемпиону Эрнест Инаркиев төрт жыл мурда Орусияга кетип калды. Ал учурда Орусиянын командасынын катарында ойноп, шахмат олимпиадасында орустарга көп упай топтоп бериши ыктымал. Туриндеги 37- шахмат олимпиадасында 13 тур мелдеш болуп, жеңүүчүлөрү 5- июнда аныкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG