Бул аптада борборубузда бир катар маданий иш чаралар өттү. Алардын айрымдарына токтолсок 17-майда Маданият минситрлиги бекиткен «Рухтун 100 долбоорунун» алкагында биринчи «Нооруз» театралдык фестивалы ачылды. Иш чаранын алкагында Чынгыз Айтматов, Мурза Гапаров, Мар Байжиев, Жаныш Кулмамбетов жана башка авторлордун чыгармаларынын негизинде коюлган «Талант жана тагдыр», «Жаабарс», «Атаке баатыр», «Апендинин досу» жана башка спектаклдер көрсөтүлдү. Фестивалдын жыйынтыктоо салтанаты 21-майда саат ондо кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана Бишкекте өтө турган «Арт-ордо» фестивалына жолдомолор тапшырылат.
17-майда А.Малдыбаев атындагы опера балет театрында Иран Республикасынын «Ирандык аткаруучулар жана ырчылардын музыкалык програмасы» деген аталыштагы концерти өттү. Кыргызстан менен Иран мамлекеттеринин ортосундагы маданий алаканы чыңдоо максатында өткөрүлгөн иш чарада Ирандын улуттук аспаптарынын коштоосунда ыр-күүлөр аткарылды.
18-майда борбордук Алатоо аянтында маданият министрлиги «Рухтун100 долбоордун алкагында» «Ата салты», «Кылым карыткан кыргыз килеми» жана «Туш кийиз» фестивалдарын өткөрдү. Иш чарага элчиликтин өкүлдөрү да катышып, калоо-тилектерин билдиришти. Маселен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпиль Альпман айым сөз сүйлөп, соңку убакта Маданият министрлиги 100 маданий долбоордун алдында көптөгөн маданий иш чараларды өткөрүп жаткандыгын айтуу менен Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги да маданий иштерге колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди. Иш чарада элдик чеберлердин колунан жаралган туш кийиздер жана килемдер көргөзмөгө коюлду. Ошону менен бирге «Ата салты» республикалык фестивалы да өткөрүлүп, анда өлкөнүн аймактарынан келген театралдык топтор «Чач өрүү», «Кыз узатуу», «Күйөө баштык», «Баланы бешикке бөлөө» сыяктуу бир катар салттарды элге тартуулашты.
Кино тармагындагы маданий окуялардан сөз кылсак 18-майда белгилүү кинорежисер Эрнист Абдыжапаров «Боз салкын» аттуу кинотасмасын тартып баштады. Эң кызыгы булар да каада-салтты кармап, мал союу менен кан чыгарып, өзүлөрүнүн ырымы менен тарелканы кинокамеранын жанында сындырып, сыныктарын артистер ырымдап чөнтөктөрүнө салып, анан башташты. Ал эми тасмага Мукамбет Токтобаев, Табылды Актанов, Бакыт Мукул, Мукаш Жумагулов, Сьезбек Искеналиев жана башка кыргыз элинин таланттары тартылышууда.