Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ АВИА КӨРГӨЗМӨ ӨТТҮ


Уланбек Абдырахманов, Бишкек Карабалта шаарында орто жана ылдыйкы бийиктикте учуучу авиациалык учактардын шоу көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөдө улуттук гвардиянын жоокерлери парашуттан секиришип, асманда жана жердеги өнөрлөрүн көргөзүштү.

Карабалта шаарынын чет жагында жайгашкан авиабаза 1936-жылы ачылган.Союз учурунда аскердик армияга алдын ала даярдоочу ДАСАAФ катарында иштеп келген.
1991-жылдан бери бул мекеме бир топ уюмдардай эле кыйынчылыктарга дуушар болуп токтоп калган. Бүгүнкү учурда авиябаза кайрадан жанданууда.

Көп жылдардан бери асманга көтөрүлүп жүргөн Кыргыз-россия славян университетинин проректору Мамасериков Түлөберди асман жөнүндө оюн төмөнкүчө билдирди:

-Дельтолетто учканыма сегиз жыл болду. Мурун параплан менен учкам, парашутту билбеймин. Андан мурун горнолыжный спорт менен кызыгып, эң биринчи кыргызстанда судья болгом.Параплан менен эң бийик нольдон баштап бир миң метр учкам, ал эми дельтаплан менен эки- үч мин метрге чейин чыгамын. Мына биз казак, кыргыз баарыбыз жайлоодо журөбүз туурабы.Ал эми күндүн ысык учурунда асманга чыксаң жайлоодо жүргөндөй болосуң.

Бул авияциялык шоуга Чуй областынын губернаторуТургунбек Кулмурзаев
жана башкы демөөрчү “Бакай” ишканасынын баш деректору Мухаммед Ибрагимов катышты. Ондон ашык чоң жана кичине учактар асманда өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү. Парашуттан жаңы эле секирип түшкөн Алдеев Улан мырзанын айтканы төмөнкүчө болду:

-Сексен сегизинчи жылы эң биринчи жолду учкам, эң эсимде калганы булуттардын үстүнөн секиргеним парашутту ачпай туруп булуттун ичине киргенде күн үстүнөн чагылышып турат, мындай тоголок радуга болуп туратта анан ошонун ичине кирип кетесиң ошол аябай кызык. .

Уюмдун келечеги тууралуу айтуу азыр эрте, алдыда көптөгөн пландар, кыйынчылыктар бизди күтүп жатат. Көпчүлүк учурда убада берип коюшуп, бирок аткарылышы кыйын болот, дейт жеңил авиация федерациянын жетекчиси Юрий Соломоник мырза.
XS
SM
MD
LG