Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

МАЛАЙЗИЯДА “ДОРДОЙ- ДИНАМО” – ФИНАЛДА ЖЕҢИП ЧЫКТЫ


21- майда кечинде Малайзияда Азия Футбол континенталдык федерациясынын Президентинин кубогуна арналган турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды. Баш байге үчүн Кыргызстандын эки жолку чемпиону Нарындын “Дордой- Динамо” командасы Тажикстандын чемпиону “Вахш” командасы менен беттешип жеңип алды.

Азия футбол континенталдык федерациясынын президентинин кубогуна өнүгүп келаткан 8 өлкөнүн командасынын ортосундагы таймашуулар соңуна чыкты. Бул күч сынашууга катышкан Кыргызстандын эки жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы катышып, баш байгеге үчүн таймашта Тажикстандын «Вахш» командасы менен беттешти.

Мурда күнү жарым финалда «Дордой-Динамо» Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону «Кхемару» командасын 3:0 эсебинде жеңип алган. Бул беттешүүдө «Дордойдун» чабуулчулары Роман Корнилов жана Азамат Ишенбаев айырмаланды. Мында Роман эки топту таамай тээп киргизген. «Дордойчулар» мурдагы оюндарда Шри-Ланканын чемпиону «Ратнам» командасын 3:0 эсеби менен Непалдын чемпиону “Мананг» командасын 2:0 эсебинде утуп чеберчилиги менен таанылды.
Ошентип алар баш байгеге талапкердин бири болгон.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын Азия аймагына таанылышы, кыргыз футболунун ийгилиги экенин Малайзияга команданы баштап барган Жогорку кенештин депутаты, «Дордой-Динамо» футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков телефон аркылуу билдирип, оюндун жүрүшү тууралуу мындай деди:
- Кийинки жылдары Кыргызстанда футболдун деңгээли акырындык менен жогорулап, чеберчилиги менен таанылган командалар пайда боло баштаганы жакшы жышаан. Ушул турнирде атаандаштарынан алдыга чыкканы да жакшы жөрөлгө болду. Эми кыргызстандык жигиттер финалда тажиктерге менен тең ойноп, негизги убакыт 1:1 эсебинде аяктады. Кошумча убакытта «Дордойдун" жарым коргоочусу Илдар Амиров жеңишке жеткирген топту таамай тээп киргизди. Ошентип баш байгени Нарындын «Дордой-Динамосу» жеңип алып, Кубок жана 50 миң доллардык чек менен сыйланды..

18- май күнү кечинде экинчи жарым финалдык таймашууда Тажикстандын чемпиону “Вахш” командасы менен Тайвандын чемпиону “Татунг” командасы беттешип, тажиктер жеңишке жетишкен.

Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун жеңүүчүсү Нарындын «Дордой- Динамо» командасына 50 миң америка доллары жана кубок ыйгарылды. Ал эми экинчи орунду камсыз кылган Тажикстандын «Вахш» командасына 25 миң доллар байге берилди.

Былтыр биринчи жолу өткөрүлгөн бул турнирдин баш байгесин Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы утуп алып, Нарындын «Дордой –Динамо» командасы экинчи орунду ээлеген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG