Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Черногориялыктардын көпчүлүгү көз карандысыздык үчүн добуш беришти


Черногориядагы шайлоочулардын көпчүлүгү Сербиядан бөлүнүү үчүн добуш беришти. Соңку расмий эмес маалыматтар боюнча мындай көз карашын шайлоочулардын 55,3 пайызы билдирди. Черногориянын премьер-министри Мило Джуканович республиканын көз карандысыздыкка ээ болушу анын Европа өлкөлөрү менен болгон интеграциясын тездетет деген пикирин билдирди. Референдумдун жыйынтыгы боюнча расмий маалыматтар бүгүн жарыяланат. Сербия менен Черногориянын конфедеративдик түзүлүштөгү бирикмеси 2003-жылы түзүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG