Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

МАСКӨӨ МИЛИЦИЯСЫ ЭМИ МИГРАНТТЫН КИМ ЭКЕНИН БЕШ МҮНӨТТӨ БИЛЕ АЛАТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

Бишкек, Дүйшөмбү, Ташкенди кыйла кооптонткон 12 майдагы кол салууну «Независимое военное обозрение» жазып ал жерде «ок атышууга аралаш чалгындоону ким жаcатты?», деген суроо коет. Башаягы «9 саатка созулган ал кармашта канткен менен кыргыз чегарачылар баш терисин сынап көрүү болду» деп айтылат. Бишкектен жардам келгиче ал жердеги чекти кайтарган жоокерлер жетекчиси майор Касымов буйругу астында атышуу болуп, кыргыз чегарачыларынын согушканы келгендерге мөөрөйдү тарттырып ийбегендиктерин белгилейт.

«Кол салгандар тажикстандык атуулдар болуп чыгышкан, бирөө гана кыргызстандык жаран экен», деп жазат басылма. Ал жерде эмне себептен жеринде эки аскерий база туруп, Кыргызстан кол салуу болгондо алардын жардамын көрө албады деген суроо коюлган. Ага Кыргызстандын коопсуздук кенешинин катчысы Мирослав Ниязов «согушканы келгендер тобу он кишиден ашпаган соң экстремисттердин мизин кайтарууга чегарачылар менен өз армиябыздын күчү жетишерлик болду. Ошол себептүү Канттагы орусиялык базага же Манастагы АКШ базага жардам сурап кайрылганыбыз жок», деген.

Капилеттен кол салуу үч өлкө күч органдарын жакындатып койгонун «Независимая газета» жазат. Виктория Панфилова, тажикстандык чегарачылар айтканына шилтеме берип, кол салууга эки топ катышканын белгилейт. «Бирөө 13-майда кармаш учурунда жок кылынган, экинчиси из жашырып кетүүгө үлгүргөн», деп айтылган ал жерде.

Кыгызстанда саясий эле эмес экономикалык кризистин да жүрүп атышын «Ведомости» талдоого алат. Василий Кашин жазганга караганда «2005 жылга салыштырганда быйылкы жылдын март айына чейинки эсепте өнөржай өндүрүшү 8,8 пайызга же акчалай эсептегенде 320 миллион долларга чукул ылдыйлап түшкөн».

Өлкөдөгү саясий жагдай көмүр казууну бир жыл ичинде 41,5 пайызга азайтканын анализден өткөргөн. «2005-жылы жай айында Кара-Кечедеги көмүр чыкчу жерди Нурлан Мотуев ээлеп алып, чукул жердеги тургундарга 25 тоннадан бекер көмүр бердирткенден улам көмүр ысрап болду. Ишкана бүйжетке төлөчү салыкты төкпөй, электир кубаты үчүн акы төлөбөй коюшу да ага себепкер болду. Мотуевдин андай кадамдары үчүн жаза тартпашы анын Рыспек Акматбаевдин колдоосунда болушунан улам болгон», деп жазат газета.

Жекшемби күнү «Страна.ру» жарыялаган макалада маскөөлүк милиция мындан ары мыйзамсыз келип алгандарды саналуу мүнөт ичинде билип ала турган аппаратка ээ болгонун айтат. Миграциялык кызматынын федералдык башкармасынын маалымдоо катчысы Залина Филимонова айтканга караганда Маскөөлүк миграциялык кызматы атайын унаалар менен камсыз кылынган. «Газель» тибиндеги машинеге орнотулган компьютерлер жардамы менен милиция токтотуп документин текшерип аткан кишинин кайдан келгенин, Орусияда анын жүрүп атышы мыйзамдуубу же жокпу дагы канча убакка ал жүрүшү керек сыяктуу маалыматтарды 5-10 мүнөт ичинде билип алууга болот.

Ошол эле жерде ал кишини сүрөткө тартып бармак бастырып алуу да болот. Ал компьютерде сакталып калгандыктан кийинки жолу текшерүүгө алынганда «тартип бузуп атышы биринчи жолу болуп атпашы ошентип дайын болот», деген Филимонова.

Бирок мындай машинелер Маскөөдө гана бар экени айтылат. Азыркы тушта КМШ өлкөлөрүнөн 1,5 миллионго чукул мыйзамсыз келген мигранттар Маскөөдө экени да белгиленет.
XS
SM
MD
LG